Коом
Араван районунда карантин киргизилди
Элита плюс
Октябрь 20, 2020 г.
Араван районунда карантин киргизилди
© Элита плюс
Ош облусунун Араван районунда COVID-19 менен ооругандардын саны кескин өсүп кеткендигине байланыштуу өзгөчө абал киргизилди.  
19-октябрдан баштап  Араван жана Өзгөн райондоруна  2 жумага бир катар чектөөлөр киргизилди. Аймактык штабдын чечими менен салтанаттуу иш-чараларды, эскерүү иш-чараларын ресторандарда жана үйлөрдө өткөрүүгө, мал базарлардын ишине жана жума намазга тыюу салынды.
 
«Күн сайын көптөгөн учурлар катталып жаткандыктан, карантин киргизилген. Акыркы эки күндүн ичинде оорулуулардын саны азая баштады. Кийим базарлар дагы жабык турат. Бир гана азык-түлүк базарлары, дарыканалар жана банктар иштейт. Таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.Калкынын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенишет, андыктан түшүм жыйноодо эч кандай тоскоолдуктар жок. Санитардык пост уюштурулду », - деди Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев