Ийгилик сыры
Анжелика КАЙРАТОВНА, ырчы, ыктыярчы: “Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм”
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Анжелика КАЙРАТОВНА, ырчы, ыктыярчы:  “Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм”
© Элита плюс
Анжелика КАЙРАТОВНА, ырчы, ыктыярчы:  “Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм”
© Элита плюс
Анжелика КАЙРАТОВНА, ырчы, ыктыярчы:  “Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм”
© Элита плюс
Анжелика КАЙРАТОВНА, ырчы, ыктыярчы:  “Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм”
© Элита плюс

“Ата журт кыйын күнгө кабылганда,

Айлансын уул-кызың чагылганга” демекчи, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети өлкөбүзгө жайылганда кыргыздын жаш, мыкты уул-кыздары ыктыярчылык кызматын аткарып, буту-бутуна тийбей, эл камы, эл саламаттыгы үчүн жан үрөп жүрүштү. Алардын сап башында ырчы Анжелика да болду. Ушундан улам оор кырдаалда эл менен жүргөн Анжелика айымга кайрылып кызыктуу маек курдук. 

- Анжелика, өлкөдөгү пандемия убагында ыктыярчылардын сап башында туруп элге татыктуу кызмат кылдың? Ыктыярчы болуу идеясы эмнеден улам пайда болду эле?

- Ыктыярчы болуу акыркы 8 жылдан бери уланып келе жатат. Негизинен бул идея  кайрымдуулуктан улам башталып кеткен десем болот. Анткени кайрымдуулук концерттерди уюштуруп, ал нерсеге да активдүү катышып жүрдүм. Андан сырткары “Бактылуу айым” реалити долбоору деле мен үчүн ыктыярчылыктай эле. Себеби үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон, көп балалуу жалгыз бой энелерге жардам берип, ошолордун көйгөйү менен жашап келгенбиз. Пандемия убагында болсо азык-түлүгү жок үй-бүлөлөргө өзүмдүн нанымды, кыздарымдын жеп жаткан таттууларын бөлүшүп, үйдөн эле азык-түлүктөрүмдү ташуу менен башталган. Анан чоңураак суммадагы акчага жүздөгөн баштыктарды таратуу үчүн “Элим барсыңбы?” фондуна каражат которуп, ошол жерден ырчылар болуп таратып, айтор, ушинтип эле ыктыярчылык иш башталган эле. Анда “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунан башка фонддор жок болчу. Ошондуктан биз ырчылар аталган фондго чогулуп, биргеликте иштеп калганбыз. Андан кийин эле башка фонддор да иштеп кетти. А. Нарбаева, Э. Бөрүбаевдер түзгөн фонддун кылган иштерин көрүп четте карап тура албай, аларга да жардамым болсун деп каражатыман бөлүшүп чогуу иштеп калганбыз. Тапкан акчабызга азык-түлүк алып, элге таратып, бир дагы үй-бүлө ачка болбосун деп төрт айдан бери бир күн да эс алуусуз элдин камын көрүп келе жатабыз.

Кийин абал курчуп, адамдар оор абалга келе баштаганда Мирбек Атабековдун видеосун көрүп калдым. Анын “концентраторго каражат чогултуп жатабыз” деген кайрылуусун  чыгармачылык чөйрөдөн эч ким эстафета катары алып кеткен жок. Үч кызды жалгыз багып келе жаткан эне болсом да, Кудайга шүгүр, интернеттеги жарнамаларымдан каражат таап келем. Ошондо мага белгилүү бир компаниядан 600 доллар акча келген эле. Мен дагы бир концентратор берем деп, башкалар да кошулуп, улап кетер деген үмүттө дароо эле ошол акчамды бере салдым. Андан кийин да ары жак, бери жактан акчалар чыга калып, айтор, жалпы 24 концентратордун акчасын төлөдүм. Кийин да өзүмдүн өнөктөштөрүмдүн компанияларын жарнамалап, беш концентратор алып бердим. Кийин байкасам, элге дары-дармек жетпей кыйнала баштады. Өмүрү укпаган Клексан деген дарыны издедим. Москвадагы тааныш кыздарыма байланышып, дарыканалардан карап, “болсо 1-рейс менен эле берип жибергиле”, - деп суранып, керектүү дарылардын тизмесин жөнөттүм. Ал дарыларга деп акча чогултуп баштасам, мени колдогон элим бар экен, алардын жардамы менен бир топ каражат чогулуп калды. Ошондо мен жалгыз бой эне, күчтүү айым катары көбүнө үлгү болуп калганымды сездим. Аны менен катар ишимди колдогон инсандар жардамдарын берип атып ири суммадагы каражат чогулуп, дарыларды дүң баасында алып баштадым. Бир жолу Клександы бир адам 20 миң сомго сатты. Анын өз баасы Москвада 2800 рубль экен. Кудайдан кандай коркпогон адам деп он эсе акча кошкон адамга таң калдым. Бул окуядан кийин да досторуман карызга акча сурап, 2-жолу да  ири өлчөмдөгү дарыга буйрутма бердим. Алгач элдин акчасына келген дарыны дароо тараттык. Андан соң ири өлчөмдөгү дарылар келип, шаардын дарыканаларына атаандаш болоюн деп өз баасында саттык. Болгону учак менен келген жол киресин эле актаса болду деп 3500 сом деген бааны койдук. Сатып бир аз топтолгон акчага Оксапар деген дарыны Түркиядан алдырттык. Ал 2 миң сомдун тегерегинде болгондуктан Клексанга караганда арзаныраак деп  досторуман карызга алган акчага алдырттык. Дары менен иштөөбүз ошентип башталып кетти. Кайсы бир фонд же ырчы Түркия, Орусиядан дарыларды дүң баасында алып келип элге таратып жаткандыгын билбейм. Бирок алар мага келип, мен аркылуу дарыларга жана аппараттарга буйрутма берип кайрымдуулук кылышууда. Бул да болсо чоң жетишкендик. Көптөргө үлгү боло алдым. “Ыктыярчылыктын туура жолун көрсөтүп бердиңиз” деп бир тобу ыраазычылыгын билдирип жатышат.

- Мындай эмгекти баалап КРнын президенти Сооронбай Шарипович 21-июлда ыктыярчыларды кабыл алды. Ошол жолугушуу өз жыйынтыгын берди деген ойдосуңбу? Кандай сунуштар аткарыла турган болду?

- Бул эмгек өлкө башчы тарабынан өз баасын алды дегенден алысмын. Болгону ыктыярчылардын эмгегин ажо баалоого мажбур болду окшойт. Себеби ажону ошол учурда эл абдан жек көрүп турду. Муну ачык эле айта алам. Эгерде посттордун алдындагы комментарийлерди карасак, 99,9 пайыз терс пикирлерин калтырып жатышты. Алардын арасында мен да бармын. “Бизди угуп коюңуз, эл каза боло баштады, элдин акчасы калбай калды”, - деп жаттым. Карапайым калк ооруканадан орун таба албай көчөдө жаткан учурда ал киши сыртка чыга калып, мейманканаларга кирип “бошоткула, элим өлүп жатат, ачкыла” дегенге жарай албады. Кеме чөгүп баратканда капитан алгач өзүнүн жанын тобокелге салат го, мен ошондой бир адамды көргүм келген. Тилекке каршы, ажобуздан ошондой нерсени көрө албадым.                                                                                                                        Ыктыярчылар тобу барарда менин барар-барбасымды сурашканда бара турганымды билдирип, бирок мендей болуп сындап жаткан адамды кабыл аларына ишенген эмесмин. Ошентип, Кудайдын буйругу менен кабыл алууга бардым. Барганда эле байкасам, ыктыярчылардын арасында мен тааныган 2-3 адам бар экен. Бардыгы колдорундагы кагазга айта турган ойлорун тизмектеп жазып алышыптыр. Мен болсо ичимдеги ойлорду айтам деп эле баргам. Себеби түнү ойготсо да айтып бере турган сөздөр тилимдин учунда эле. Ажобузга жүрөктөгү сөздөрдүн баарын айттым.                                                                Эми кандай болсо да ак үйгө кирип ажонун кабыл алуусунда болгонум - Жараткандын буйругу. Президент жакшы кабыл алып, алгач учурашып, чыгармачылыгым жана жасап жүргөн бардык иштеримен тааныш экенин айтып жылуу пикирин билдирди. Албетте, кубандым, сыймыктандым. Эми кабыл алуусуна жараша жыйынтыгы да жакшы болот деп үмүт кылып күтүп жатам. Барганыбыз текке кетип сөздөрүбүз 7-кабаттын дубалдарында калбасын деп ортодо түзүлгөн Вотсап группада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

- Бул жолугушуудан соң өзүңдө кандай идеялар, сунуштар жаралып атат. Сыр болбосо алдыдагы пландарыңды айта кетсең.

- Жолугушууда бир топ сунуштарды айттым. Бирок, тилекке каршы, 3 сааттык маегибизде 20 секундалык эле сүйлөгөнүм кирип калыптыр. Өкүнгөнүм - жер-жерлердеги дарыгерлер Гепарин, Клексан, Оксапар деген эмне дары экенин билбегендери болду. Бул ачуу чындык. Буга биз арданбашыбыз керек. “Бизге катуу тийди” дегендери үчүн кечирим сурайм. Мен эч кимди басынткым келген эмес, бирок ачуу чындыкты ошол жерден айтууга туура келди. Андан сырткары Суусамырдагы оорукананын абалын, тез жардам унаасы жок экенин айтып, ажодон тез жардам унаасын сурап бердим. О.э. “дарыгерлерге ар 15 күн сайын маяналары төлөнүп берилсин, иштеген саатына жараша айлыгы болсун” деген талапты койдум. Кийинкиси канча обсервация ачылды, канча стационар бар, кайсы ооруканаларда канчадан концентратор бар, кайсы дарылар жетишпей турганынан кабар алып, көңүл буруусун сурандым. Дагы бир суранганым - Жип менен келгени ооруканага кирип кетип, колунда жоктор орун жок деген шылтоо менен сыртта калып калбаса деген ойду айттым. Ал үчүн канча палата бар, аларда кайсы оорулуулар жаткандыгы боюнча сыртта маалымат тактыда жазылып турсун деген талапты койдум. Кайсы бир чиновниктин же байдын чалуусун күтүп, келген оорулууну киргизбей жаткан дарыгер сот жообуна тартылышы керек. Айтор, ушундай сөздөр ачык эле айтылды. Андан сырткары “дары-дармектерди мага өткөрүп бериңиз” деп сурандым. Дары менен иштеп жатып бул нерсени жакшы түшүнүп калдым. Дары-дармектерди алып беришсе, өзүм эле имарат таап, өзүм сатып, өзүм эле элдин акчасына дары бергенге, эгер элде акча жок болсо, акча таап, ошол дарыларды бекер таратканга даяр экенимди билдирдим.

- Ыктыярчылардан улуттук кыймыл да түзүлдү. Анын негизги максаты эмнеде?

- Кыймыл, албетте, көз карандысыз болот. Көргөн, билген нерселерибизди, элдин үнүн  ажобузга жеткирүү - биздин максат. Күчтүү, намыстуу, ынтымактуу улуттук кыймыл болуп, элибиз үчүн жакшы иштерди жасоону көздөйбүз. Улуттук кыймыл чарчабаган, көптү көргөн билимдүү жаштардан түзүлүшү керек. Алар кошомат дегенди билбей, тайманбай бетке айткан жаштар болушу зарыл.  Ыктыярчы улутка, жашка карабайт. Баарыбыздын максатыбыз бир, ал - элге жардам берүү. Биз ал жерде жашыбызды, статусубузду, жашоо шартыбызды унутуп, жөн гана ыктыярчыга айланабыз.

- Учурда карапайым эл менен бийликтин ортосунда көпүрө курган сыяктуу иш алып барып атасың. Алдыда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ушундан улам эл арасында “Анжелика саясатка аттанат окшойт. Кайсы бир партия менен депутаттыкка барса керек” деген сөздөр да айтылып жатат. Негизи эле саясатка аттансам деген оюң барбы?

- Туура айтасыз, чын эле көпүрө болууга туура келди. Бирок муну айрымдар саясатташтырып да жиберишти. Мен саясатка аттанбайм. Саясат менин жашоом эмес. Жасап жаткан иштеримдин саясатка эч кандай тиешеси жок. Бизде депутаттын статусу жок. Анткени алар эл арасында алган, жеген деген терс каармандын образын түзүп алышкан. Мага деле ошондой сезилет. Эл камын көргөн баатыр, элдин уулу же кызы деген сый жок. Ал эми мен болсо мурункудай эле элибиздин эрке кызы болуп жүрө бергим келет. Колуман келсе өзүмдү элчи катары көрсөтсөм дейм. Бир нече тилдерде сүйлөп, кыргыз элибиздин жакшы жактарын таанытып, жерибизди даңктагым келет. Менин көздөгөнүм ошол.

- Пандемия убагында эмнеге жүрөгүң ооруп, эмнеге жүрөгүң кубанды?

- Өзгөчө карапайым эл дары таппай карайлап турганда жүрөгүм ооруду, канады, ыйлады. Сулуулук салонумду штаб кылып, төрт айдан бери иштетип жатам. Башында карантин болуп эл иштебей турганда ал жакка азык-түлүктөрдү жыйнадык. Күрүч, ун, шекерди арзаныраак болот деп мүшөктөп алып барып, баштыктарга бөлүп алып тараттык. Азыр дары-дармек менен ошентип иштеп жатабыз. Элдин акчасы деп дарыларды дарыканалардан кымбатка алып, элге таратып коюп мына деп элге отчёт берип койсом деле жарашмак. Бирок мен андай кылбайм. Элдин акчасын да  туура колдонуш керек. Дүң баада көп алып жаткандыктан аны да арзанга түшүрүп алуудамын. Дагы бир жүрөк ооруганы - вирус элди аябай бир топ жакшы адамдарды арабыздан алып кеткени болду. Зээн кейиткен нерсе - душманыбыз болгон атың өчкүр вирус өлкөгө киргенде биздин колубузда курал болбогону. Даярдыгыбыздын жоктугуна ызаландым, кейидим, ардандым. Душман менен алышканга мамлекет бизге курал бере алган жок. Бул нерсени өздөрү деле моюндарына алышы зарыл. Карапайым эл өз алдынча эле өз арбайларын согуп, капкак, чөмүч, мындайча айтканда, колунда эмне болсо жандалбастап согушуп жатты. Эгемендүү өз алдынча мамлекет болуп туруп мына ушундай күрөшкөнүбүз жүрөктү оорутту.  

- Республикалык деңгээлде иш алып барууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?

- Кыйынчылык “сен түндүктүк, мен түштүктөн, ал чүйлүк, бул оштук” деп алакандай элдин бөлүнгөндүгү болду. Бирок ага карабай ишибизди токтоткон жокпуз. Алгачкы эле жардамыбызды Ысык-Көл облусуна бердик. Анткени вирустун тутанышы ал жакта башка жактарга салыштырмалуу эртерээк башталды. Анан эле Баткен тараптан жардам суроо башталгандыктан ал жакка дароо жардамыбызды жөнөттүк. Башында видеого тартпай эле жатканбыз. Кийин биздин ишибизди көрүп башкаларга да мотивация болобу деп тарта баштадык. Суусамыр, Талас, Токмок, Кочкор, Кара-Балтага көп жардам кыла алдык. Кечээ эле түштүк тарапка жардамдарды берип келдик. Албетте, баарына бирдей жагып, жакшы көрүнө албайсың. Бирок мен элге жагыш үчүн эмес, соопчулук үчүн жакшы иштерди жасай берем. Керек болсо каражат жетпей калса өз чөнтөгүмөн чыгарганга даярмын. Ал үчүн сентябрда кыздарымдын мектебине төлөй турган акчамды камдап, кармап турам. Жыйынтыгында айтарым, ооруп калам деп эч качан дарыларды үйүңүздөргө үйүп албагыла. Андан көрө санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, биримдикте, биргеликте бул кырдаалдан чыгып кетели. Кечээки адам бүгүн жаныбызда жок. Андыктан бири-бирибизден жакшы сөз, жылуу мамилебизди аянбайлы. Жарыбаган айлык берип, талап кылып, маани бербеген медиктерибиздин ишин көрдүк. Андыктан убагында барктаганды үйрөнөлү. Канчалаган колунда бар байларыбыз өтүп кетти. Пайдасыз байлыкты үйүп алып, башты катып жата бергенди токтотолу. Ачкөз, алдым-жуттум болбойлу.

Клара ТУКУБАЕВА, “Саян“ эл аралык спортту өнүктүрүү жана колдоо фондунун жетекчиси: “Анжеликанын жүрөгү тоодой экен”

-  Анжелика тууралуу айтсам, сөз бүтпөйт. Негизи азамат, зирек кыз экен. Экөөбүз 21-мартта таанышып, пандемияда бирге иштешип калдык. Чоң долбоорлорду жасап, аз убакыттын ичинде эле өз сиңдимдей болуп калды. “Элим барсыңбы?”, “Апам жана мен” фонддору менен иштешип, колунан келишинче чуркап жүрдү. Экөөбүз шаар ичине эле эмес, Токмок, Чүй, Кара-Балтага чейин барып, элге азык-түлүк тараттык. Өзү кичинекей кыз болсо да жүрөгү тоодой экенин байкадым. Кандай кыйынчылык болсо да жол таап, эч нерседен коркпогон тобокелчилиги, эр жүрөктүүлүгү бар экен. Элим, жерим деп заматта өзү демөөрчү боло калып 30-50 баштык даярдай калат. Болбой баратса эле досторун жардамга чакырып жатты. Фонддор менен иштеп отуруп албастан, өзүнүн салонун штаб кылып, элге азык-түлүктөн болобу, дары-дармектен болобу, айтор, опол тоодой эле жардамын көрсөттү. Көрөгөчтүгү, дилгирлиги, кичи пейил, чынчыл, адамгерчиликтүүлүгү, кишиге мамиле кылганды билген жагы менен мага жакшы таасир калтырды. Бар болсун, үч кызынын эр жүрөк апасы!

Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА, КР Эл артисти: “Анжеликаны карап туруп өз жаштыгымды эстейм”

-  Бүгүнкүдөй кырдаалда элибизге, журтубузга жардам берип жаткан, жүрөгүндө жалыны бар, канында Манастын руху ойногон жаштарга мен ыраазы болуп отурам. Алардын арасында өнөр адамдарынын бар экени экинчи жагынан кубанычка бөлөп отурат. Булар - А. Нарбаева, Э. Бөрүбаев, Б. Бадыева, А. Кайратова, А. Касымова. Ар кимиси өз дараметине жараша жардам кылып жатышат. Мен биринен-бирин бөлүп айта албайм. Башкысы  чаалыкпай, чарчабай элге жардам берип чуркап жүргөндүгү жакшы нерсе.                                                                                 Ал эми Анжелика тууралуу айтсам, аны карап туруп мен өз жаштыгымды эстейм. Себеби мен дагы учурунда эч нерседен коркпогон, жалындаган Анжеликадай кыз элем. Мени эч ким эч нерсе токтото алчу эмес. Ошол күндөрүмдү эстеп, Анжеликадай жаштарды карап отуруп биздин артыбызда дагы биздин жакшы сапаттарыбыздан алып жакшы муун өсүп келе жатат деп ток пейил тартам. Ыктыярчы болуу, кайрымдуулук кылуу сыймыктуу иш. Өзгөчө өлүм менен өмүр , ажал менен адам кармашып жаткан мезгилде жардам берүүнүн эсеби чоң. Ошондуктан бардык ыктыярчыларга, ошонун ичинде Анжеликага алкыш. Азамат деп эле алкап, жакшы баамды берип отурам. Ушундай иштерди аткара берсин. Ден соолугу бекем болуп, мындан кийинки иштеринде ийгиликтер болсун.

Байыш МОМУНОВ, ырчы:

“Адам деген ушундай колу ачык, берешен болушу керек”

-  Анжелика карындашыбыз азыркы кыйын кырдаалда элге кол сунуп, жакшы жардам кылып жатат. Жаштыгына карабай болгон энергиясы менен колунда жокторго, муктаждарга кайдыгер, көңүл кош карабай, азык-түлүк, дары-дармегин көтөрүп чуркап жүрөт. Ага баарыбыз эле күбөбүз. Бир сөз менен айтканда, азамат. Менин баалаганымдын бир эле учурун айтайын, өзүмдүн кайрымдуулук фондумда Клексан дарысы калбай калгандыктан Анжеликага кайрылып жардам сурадым. Дароо эле: “Байке, келе калыңыз”, - деди. Барсам, ашык сөзү жок, жакшынакай тосуп алып, менин фондума да жылуу сөздөрүн билдирип, менден да жардам болсун деп бир Клександын ордуна төрттү берди. Ага кошуп коргоочу костюмдарды, бет каптарды берип узатты. Адам деген ушундай колу ачык, берешен болушу керек. Бул иштердин баары Алланын ыраазычылыгы үчүн гана деп ойлойм. Анжелика карындашыма ийгилик каалайм. Күч-кубат берсин, балдарынын жакшылыгын көрсүн! Элге кызмат кыла берсин, пендеден кайтпаса Кудайдан кайтат.

Элмира ТОКОЕВА, активист: “Мен эле эмес, жалпы кыргыз эли ыраазы”

-  Бул кыздын жасаган иштерине аябай ыраазымын. Кичинекей эле бир кызыбыз бийликтеги адамдар жасай албай жаткан иштерди жасап жатат. Бир эле аймакка эмес, жалпы өлкө боюнча элге керектүү нерселерди жеткирүүдө. Мисалы, биз акчабызды көтөрүп жүрүп эле ошол нерселерди таба албай жатабыз. Анжелика аркылуу ошол эле аппараттарга, дары-дармектерге ээ болуп отурабыз. Кандай мактоо айтсак да Анжеликага жарашат. Мен эле эмес, жалпы кыргыз эли ыраазы. Кылган жакшылыгын Кудайым миң эселеп кайтарат деген ишенимдемин. Менин үч кызым бар, аларды тарбиялап үйдө отурушум керек дебей, күндөп-түндөп уктабай, кыргыз элим деп чуркап жүргөндүгү кандай деген баага татыйт. “Элдин мыкты кызы” деген баа бердим. Ажо менен жолугушуусун туура деп таптым, анткени ага чейин деле элдин көйгөйүн айтып жүргөн.

Токтобүбү ЧЕРИКЧИЕВА, ырчы: “Кенедейинен өзүнө тың, тыкан, таза, ишине жоопкерчиликтүү”

-  Анжеликаны сахнага жаңыдан аралашып жүргөн күндөн учурга чейин өзүмдүн кызымдай көрөм. Эне катары акылына, сулуулугуна суктанып, баалап келем. Мен билгенден кенедейинен өзүнө тың, тыкан, таза, ишине жоопкерчиликтүү. Үч кыздын мээримдүү апасы, ишкерчиликтин да көзүн таба билген күчтүү айым. Достору, бир тууган ага-ини, эже-сиңдилери менен биргеликте иш алып барып, өз өмүрүн да тобокелге салып жалпы кыргыз эли үчүн күйүп-жанып чуркап жүрөт. Ак-талаалык төркүндөрүм үчүн да жардам сурасам, бир сөзүмдү эки кылбай дары-дармегин берди. Буга чейин да районубузга жардамдарын берип келген. Кеп дары алып, мактап жаткандык эмес. Мен башынан баалап, сыйлайм. Өзүнүн аракетчилдиги менен жашоодо көп ийгиликтерге жетип отурат.  Азаматсың, Анжелла, Кудайым сага аялдык бакыт берсин! Кыздарыңдын урматын көр, бактылуу карылыкка жет. Жеке өзүм талантың менен адамдык касиетиңди бийик баалоо менен чыгармачылыгыңа даңгыр жол каалайм. Аман болуп, элдин сүйүктүү кызы болуп жүрө берегой, кызым.

Султан САДЫРАЛИЕВ, ырчы:

 “Замандын баатыр кызы” деп атасак да жарашат”

-  Анжеликанын жасаган иштерине баарыбыз күбөбүз. Кыргыз эли кыйналып, кыйын күндө турганда колунан келишинче чоң жардам берип жатат. “Замандын баатыр кызы” деп атасак дагы жарашат. Өзү да аябай патриот, кыргыз эли дегенде күйүп-бышкан кыздарыбыздын бири. Талыкпай эмгектенип отуруп чыгармачылыгында дагы бир топ бийиктиктерди багындырды. Чыгармачылыгын  абдан баалайм. Үйдө кыздарына мээримдүү, жакшы эне. Кыргыз элинде Анжеликадай кыздар көп болушун каалайм. Анткени элибиз ошого муктаж. Өзүбүз кыла албагандан кийин биз Анжеликадай кыздарыбызды жапа тырмак колдошубуз гана керек. Жакшы сөздөрүбүздү айтып демине дем, күчүнө күч кошуубуз зарыл. Учурдан пайдаланып кыргыз журтчулугунун атынан мен Анжеликага ыраазычылык билдирем.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА