Маданият
Анжелика, “Бактылуу айым” теледолбоорунун автору: “Бактылуулук ар бирибиздин колубузда”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Анжелика, “Бактылуу айым” теледолбоорунун автору: “Бактылуулук ар бирибиздин колубузда”
© Элита плюс
Анжелика, “Бактылуу айым” теледолбоорунун автору: “Бактылуулук ар бирибиздин колубузда”
© Элита плюс
Анжелика, “Бактылуу айым” теледолбоорунун автору: “Бактылуулук ар бирибиздин колубузда”
© Элита плюс
Анжелика, “Бактылуу айым” теледолбоорунун автору: “Бактылуулук ар бирибиздин колубузда”
© Элита плюс

Коомдук телеканалдагы "Бактылуу айым" долбоорун көрбөгөндөр жок болсо керек. Долбоордун автору, алып баруучусу, маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы, ийгиликтүү ишкер, жаш жетекчи, күчтүү айымдардын бири Анжелика. 2017-жылы аталган долбоорго бир жыл болду. Бир жылда теледолбоорго катышкан көптөгөн каармандардын тагдыры өзгөрдү. Жашоого үмүт артып, дем-күч алган айымдарды Анжеликанын көзү менен көрүүгө болот. Анжеликанын бул эмгеги алкоого татыктуу. Ушундан улам жыл аягында мыкты долбоордун автору “Мен аялмын, мен да бактылуу айымдардын катарындамын. Теледолбоорго келип бактылуулукту сезген айымдарды көрүп өзгөчө бактылуу болом” деген Анжелика менен кызыктуу маек курдук. 

“Бактылуу айым” теледолбоорунун тарыхы, жетишкендиктери

-"Бактылуу айым" долбоору КТРКдан 2016-жылдан бери чыгарылып келе жатат. Көрсөтүү айымдарга арналган социалдык долбоор. Баардык айымдарга бактылуулук, сулуулук жана алдыга умтулууну көрсөтүп берүү максатында ачылган. Көрсөтүүгө бул жашоонун кандайдыр бир сыноолорунан өткөн, ошентсе да, алдыга үмүт артып келечегин мыкты көрө алган, башынан кечирген тагдырын көрүүчүлөр менен бөлүшкөн айымдар каарман боло алат. Аталган долбоорго 42 айым катышты. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир каарман менен тыгыз байланышта болуп келем. Кыргызстандын аймагы менен гана чектелбестен чет жерлерде жашап, иштеп, оор турмуш менен күрөшүп келе жаткан мигрант айымдардын да тагдырына, жашоосуна чоң өзгөрүүлөрдү киргизе алдык десек жаңылышпайбыз. Бул долбоордун алкагында каарман болгон айымдарга үй берилип, мигрант болуп жүргөн айымдар өз мекенинде иш менен камсыздалып, жакында атайын эс алууга чет мамлекетке жолдомо алышты. Муну бир жылдык тынбай иштеген эмгегимдин үзүрү деп билем.


“Адамбыз деген улуу касиетти унутпашыбыз керек”
- Бул долбоорго бел байлаган соң анын жаман-жакшысын, оң-терсин туура кабыл алып, туура мамиле жасап, туура жыйынтык чыгарууга аракеттенем. Бул бир гана долбоордун эмес адамдык сапаттын талабы. Жашоо ар кандай. Бирок, биз адамбыз деген улуу касиетти унутпашыбыз керек. “Бактылуу айым” теледолбоорунун каармандары ар кандай. Алардын баары бактылуу, баары жашоосунда кандайдыр бир өзгөртүү жаратууга татыктуу. Андыктан, ар бир каарманым менен анын жашоосун жашайм. Алар менен кошо ыйлап, күлсө күлөм. Бул ошол эле адамдык сапат, эмоция. Мен ошол айымдарды көрүп абдан кубанам. Себеби алар күчтүү айымдар. Алардан дагы мен өзүмө көп нерсени үйрөндүм десем болот. Ал эми күчтүү айым болуу үчүн адам өзүнө ишеним артып, ийгиликке жетүүгө ишенүүсү кажет. Өжөрлүк керек. Башкалар ойлогон, ойлобогон идеаларды баштап ишке ашыруу да жаман эмес. Эң оболу ошол иштин жыйынтыгын көрсөтүү абзел. Ошондуктан, мен бул ишимден эч кандай оорчулукту көргөн жокмун.

Долбоордун келечеги...

- Аталган долбоор алдыга чоң-чоң максаттарды коюп келет. О.э. ошол багытта иш алып барганы кубандырат. Келечекте ири пландарыбыз, аткара турган көп иштерибиз бар. Буюрса, аманчылык, эсенчиликте айымдарыбызды бактылуу кылууга ар дайым даярбыз. Жогоруда айтып өткөндөй бир жыл ичинде каармандарыбызга кандайдыр бир деңгээлде жардам берип көптөгөн топ жетишкендикке жеткен болсок, биз багындырчу ийгиликтер дагы да алдыда. Ушуну менен катар таланттуу балдарга арналган Kids Star телефестивалыбыздын 2-чакырылышын эфирге чыгарып жатабыз. Бул долбоор аркылуу чет мамлекеттик эл аралык сынактарга катышууга жолдомо беребиз. Коомчулукта энелерге, аялзатка жана өсүп жаткан таланттуу балдарга колдоолор болуп турса өлкөбүз өнүгөт. Башкысы мамлекетибизде тынччылык, элибизде ынтымак болуп, келе жаткан Жаңы Жыл элибизге жакшылыктарды алып келген жыл болсун!

Бактылуу айым болууга алты кадам

* Бакытты азыркы өтүп жаткан мүнөттө сезе билүү жана ар бир инсан өзүн бактылуу эсептөө.

* Бул жашоодо адамзат бош жүрүү менен чектелбей, жашоонун ырахатын татып татыктуу өмүр сүрүү.

*Курчап турган адамдардын сизге жана өзүнө болгон ишеничин актоо, сыймыктанган адамдар менен жакын мамиле куруу.

* Өзүңө жаккан жашоо менен жашап, терс ой-пикирлерге көңүл бөлбөй, илим, билим аркылуу өзүн-өзү азыктап камсыздандыруу. Алсыздыкка жол бербөө.

*  Маңдайга жазылган тагдырга ыраазы болуу.

* Башка адамдарга өзүңө каалагандай бакыт, жакшылык каалоо.

Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, экс-депутат:

-“Бактылуу айым” учурда мыкты долбоор экенин ар бир көрүүчү айта алат. Ар бир аял бактылуу болууга татыктуу, аялдык бакыт эркектин колунда. Бир топ өлкөгө барып, көптөгөн аялдар менен баарлаштым. Бактылуу айымдарды көп кезиктирүү кыйын экенин байкадым. Ал эми толук кандуу энелик бакытка жетүүгө салым кошуп келаткан Анжелика айымга чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Долбоор ачылганы канчалаган аялдардын жүзүнө жылмаюу уялап, демек, бакыттын жолун издесе болот деген пикирге келтирди. Татыктуусуз бактылууга сиз дагы. 

Асыл АПАСОВА, “Бактылуу айым” теледолбоорунун режиссеру:

-“Бактылуу айым” долбоору Кыргызстанда аялдарга арналган социалдык тармактагы жападан жалгыз долбоор. Долбоордун аркасы менен акырындап каармандарга жардамдар берилип жатат. Мисалы, Махабат аттуу каарманга арнап, чоң программада концерт уюштурулду. Түшкөн каражат менен Махабаттын операцияга кетчү чыгымдарын Анжелика жаап берди. Андан тышкары Ектеринбург шаарындагы мекендеш эжебиз 4 жылдан бери баласына жолуга албаптыр. Аны уулу менен жолуктуруп, Дубайга эс алууга жолдомо берди. Анжелика долбоордун алкагында көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасоодо. Көрүүчүлөр да жакшы кабыл алганы Анжеликанын эмгеги.

 Акылбек АКМАТАЛИЕВ, долбоордун каарманы Замира Кеңеш кызынын жолдошу:

-Келинчегим Замира учурунда “Кыз-Бурак” тобунда ырдаган. Тагдыр экен, мен кырсыктап баспай калдым. Замира мени кор кылбай, алаканына салып багып келди. Ташкындаган талантыңды таштап, бүт өмүрүңдү бирөөгө арноонун өзү чоң эрдик. Андыктан жубайыма абдан ыраазымын. Ал эч качан талантынын көмүскөдө калганын айтып, мени санаага салган эмес. Кудай буйруп, Анжелика менен таанышып калып Замираны сөзсүз долбоорго катыштыруу керектигин айттым. Жубайым долбоордун каарманы болду. Учурдан пайдаланып Анжеликага терең ыраазычылык айтам. “Бактылуу айымга” катышкан соң Замираны эл жакшы кабыл алып, чыгармачылыгы жанданды. Тойлордо ырдап жатат. Талант катылбай чыгып туруусу керек. Дагы бир жолу Анжеликага алкыш айтам. Көрүүчүлөрдүн көзүнөн жаш чыгарган, чыныгы аялдык бакытты даңазалаган долбоордун иши илгерилеп, бактылуу айымдарыбыз көп болсун!

Гүлзада АПИЗ кызы, каармандын сиңдиси:

-“Бактылуу айымды” калтырбай көрчүмүн. Долбоордогу өзгөрүүлөр абдан кызык болгондуктан каармандын өзгөрүүсүн чыдамсыздык менен күтчүмүн. Ошол учурда бир тууган эжем менен таарынышып жүргөм. Экөөбүз элдешсек дегеним менен эжем болбой жүрдү. Бир тууганым менен мамилени улоо үчүн долбоорго кат жазып, ал-акыбалы тууралуу жазып жибердим. Бирок мени кабыл алышат деп ойлогон эмесмин. Кудай жалгап, долбоордон байланышып, мен жездемди ортого салып даярдыктарды көрө баштагам. Жыйынтыгында эжем экөөбүз кечириштик, учурда мамилебиз эң жакшы. Бир туугандык сезимди ойготуп, себепчи болуп элдештирген Анжелика айымга терең ыраазымын. Үй-бүлөлүк бакыт, аялдык аруулук жана “Бактылуу айым” долбоорунун ишине ийгилик каалайм! Эч качан көкүрөктө таарыныч болбой, ынтымакта бололу!

Үмүт АХМАТАЛИЕВА, каарман:

- 38 жаштамын. 8 баланын энеси, баатыр энемин. “Бактылуу айымдын” алгачкы каарманымын. Долбоор элдин купулуна толуп, айымдардын чыдамсыздык менен күткөн көрсөтүүсүнө айланды. Буга автордун талыкпаган эмгеги, изденүүсү башкы себеп. Анжелика абдан чыйрак, көптү билген кыз. Анын колунан баары келет. Айымдардын бактылуу болуусуна эшик ачкан долбоорго чыгармачылык ийгилик, талыкпаган мээнет, кызыктуу жыйынтык каалайм. Ал эми Анжеликага аялдык бакыт, ылайым жолдошу менен кыздарынын урматын көрсүн!

Гүлүм КАСЫМБЕКОВА, каарман:

-“Бактылуу айымга” катышуумдун себеби, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үлгү болуп, келечектен үмүт үзбөөгө чакыруу болду. Менин төрөлгөнү эки көзүм көрбөйт. Кичинемден ырчы болууну самачумун. Жакында Японияда өткөн конкурста ырдап, биринчиликти алып келдим. Бул конкурска катышуума көмөк көрсөткөн “Ибарат” япон-кыргыз биримдик уюму “Бактылуу айымга” кат жазып, катышып калгам. Долбоорго катышкандан кийин Анжелика мага ыр жаздырып берди. Учурда ошол ырдын клибин тартуу менен алектенүүдөбүз. Анжеликага терең ыраазымын, мени унутта калтырган жок. Баса, Японияга кетип жатканымда Анжелика улуттук кийимин белек кылган.

Кишимжан ДАЙЫМОВА, каарман:

-Үч жашымдан тарта балдар-интернатында ата-эне мээримин, жашоо жыргалын көрбөй чоңойгом. Кийин турмушка чыгып, анда да жокчулук турмушта жашап келдим. Беш баланын энесимин, жолдошумдун да ден-соолугу начар. Башкы тилегим “өзүм кийбесем да, балдарым кийсин” деп, өзүмө ырыстуу байпак деле алган эмесмин. “Бактылуу айымга” катышканда 1-жолу жаңы кийим кийдим. Бул мага абдан бакыт тартуулады. Ошол бактылуу күн эч качан эсимден кетпейт. Анжеликага ыраазымын. Анжелика “Бактылуу айымда” белек кылган жаңы кийимдеримди конокко барганда кийип жыргап калдым. Бул менин алгачкы жаңы кийимдерим. Ачыгын айтсам башка кийим сатып алууга мүмкүнчүлүгүм болбойт. Бул ыр саптарым Анжеликага арналат:

Ойго батып отурат Анжелика,

“Кайсы айымга кандай бакыт сунсам?” деп.

Жайып алып көп кагазды алдына,

Сууруп чыкты бир кагазды колуна.

Сулуусуз, бул дүйнөдө сиз дагы,

Тартуулайсыз бактылуулук күндөрдү,

Унутуп жашоодогу кайгыны.

2017-жыл, декабрь.