Шоу дүйнө
Анжелика 100 даана көйнөгүн сатып, кайрымдуулукка жумшайт
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Анжелика 100 даана көйнөгүн сатып, кайрымдуулукка жумшайт
© Элита плюс

Ырчы Анжелика кайрымдуулук кылуу үчүн өзүнүн кече көйнөктөрүн сатат. Бул туурасында ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, көйнөктөрдү сатуу 12-декабрда башталат.

"100 даана кече көйнөгүмдү 2000 сомдон жогору баада сатам. Сатуудан түшкөн каражат бүгүнкү күндө кыйналып жаткан 200 үй-бүлөгө (тизмеси бар) таратылат. Каалоочулар онлайн сатып алса болот", - деген ал.