Дүйнөдө
Американы коюу түтүн каптады
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Американы коюу түтүн каптады
© Элита плюс

Өрттөн улам тараган коюу түтүн АКШшын Атлантика океаны менен чектеш аймагына чейин жетти. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук метеорология кызматы билдирди. Түтүн 3,5 миң километр аралыкка таралып, борбор калаа Вашингтонго чейин жеткен. АКШнын ири токойлорун өрт чалып, андан таралган ачуу түтүн абаны булгап жатат. Булганыч аба үйлөрдүн, ишканалардын желдеткич түтүктөрү, имараттардын, унаалардын ачык калган терезелери аркылуу кирип, адамдардын дем алуусуна, көчөгө чыгып сейилдөөсүнө тоскоол болууда. Орегондун тургундары бир аптадан бери жер планетасындагы эң зыяндуу ачуу түтүнгө ууланып жатышат. Синоптиктердин айтымында саргылт-жашыл түстөгү бул түтүн шаар ичинде дагы бир нече күнгө же аптага чейин кетпей, сакталып турушу мүмкүн. Аба булгангынына байланыштуу мектептерде сабактар токтотулуп, айрым студенттик шаарчалар жабылды. Түтүн көздү ачыштырып, өпкөнүн кысып калууда.  Экологдор коңгуроо кагып жатышат. Акыркы убакта климаттык өзгөрүүлөрдөн улам токойдогу өрттөр масштабдуу жана кыйраткыч мүнөзгө ээ болуп баратат.