Дүйнөдө
Америкалык экономисттер Нобел сыйлыгына татышты
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Америкалык экономисттер Нобел сыйлыгына татышты
© Элита плюс

Америкалык экономисттер Пол Милгром менен Роберт Уилсон «аукциондор теориясын жакшыртканы үчүн жана аукциондордун жаңы форматын ойлоп тапканы үчүн» Нобелдин экономика боюнча быйылкы сыйлыгына татышты.

Швециянын падышалык академиясы 12-октябрда жасаган билдирүүсүндө 72 жаштагы Милгром менен 83 жаштагы Уилсондун ачылышы «дүйнө жүзү боюнча соодагерлерге, сатуучуларга жана салык төлөөчүлөргө пайда алып келгени» айтылат.

 
 

Бул эки илимпоз иштеп чыккан аукцион көп мамлекеттерде 1994-жылдан бери колдонулуп келген.

Жеңүүчүлөр 1,1 миллион доллары сыйлыкты бөлүп алышат. Экономика боюнча Нобел сыйлыгы 1968-жылы негизделген.