Дүйнөдө
Америкалык аскердик базада өрт чыкты
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Америкалык аскердик базада өрт чыкты
© Элита плюс

Кадэнадагы америкалык аскердик базада өрт чыкты. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин билдиргенине караганда, Окинава аралында жайгашкан аскердик базада түтүн чыкканы байкалган. Өрттүн келип чыгыш себеби белгисиз. Өрттөн жабыркагандар боюнча маалыматтар жок.

“Асахи” гезитинин маалыматына ылайык, өрт “кооптуу материалдарды кайра иштетүү”борборунда” чыккан.

Кадэна – Япониянын Окинава аралындагы эң чоң аскердик база болуп саналат. Анын аянты 2000 гектарды түзүп, 3,7 миң метрди түзгөн учуп-конуучу эки тилкеси бар.

Окинава япон аймагынын 0,6 пайызын түзгөнү менен, ал жерде 76 америкалык аскердик объект жайгаштырылган. Бул АКШнын Япониядагы куралдуу күчтөрүнүн жарымынан көбү жайгаштырылган дегенди билдирет. Префектуранын администрациясынын маалыматына ылайык, Окинава аралында 28800 америкалык аскер кызматкерлери, ошондой эле алардын 19000 үй-бүлө мүчөлөрү жана АКШ жарандары бар. Окинаванын префектурасынын администрациясы жана жашоочулары аралда америкалык аскерлердин кыскартылышын талап кылып келишет.