Дүйнөдө
Америкада үйүндө той кылгандарга чара көрүлөт
Элита плюс
Август 07, 2020 г.
Америкада үйүндө той кылгандарга чара көрүлөт
© Элита плюс

Лос-Анжелес шаарынын бийлиги азыркы кырдаалда үйүндө кече уюштурган тургундардын суусун жана электр жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу шаар мэри Эрик Гарсетти билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Калаа башчысы мындай чара Лос-Анжелес шаарында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталганын айткан. "Түнкү клубдар, барлар жабылгандан бери үйүндө өткөрүлгөн кечелер дээрлик көбөйүп кетти. Ошондуктан Лос-Анжелестин суу башкармалыгы департаментине жана электр менен камсыздоо мекемесине үйүндө кече уюштургандардын суусу менен жарыгын өчүрүүгө уруксат беремин", - деген Гарсетти. Акыркы маалыматтарга ылайык, Лос-Анжелесте коронавируска кабылган 197 миң учур катталып, 4 миң 825 киши каза болгон. Лос-Анжелес шаары жайгашкан Калифорния штаты коронавируска кабылгандардын саны боюнча АКШда биринчи орунда турат.