Алымкадыр Бейшеналиев: "ТИМдин каза болгон кызматкери атасына эмдөө алганы кеткенин айтып, бирок антибиотик алган экен"
Элита плюс
Апрель 02, 2021 г.
Алымкадыр Бейшеналиев: "ТИМдин каза болгон кызматкери атасына эмдөө алганы кеткенин айтып, бирок антибиотик алган экен"
© Элита плюс

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, маркум кызматкер коронавируска каршы эмдөө алган эмес. Министрдин маалыматында, маркум атасына эмдөө ала турганын айтып, бирок антибиотик алган. Азыркы тапта маркум антибиотикти эмнеге каршы алганынын себеби изилденип жатат.

"Тышкы иштер министрлигинин кызматкери эмдөө бизден алган эмес. Ал түндө атасы менен сүйлөшкөндө, эмдөө алганы кеткенин айткан. Бирок түн ичинде барып антибиотик алган экен. Маркум антибиотикти эмнеге каршы алганы боюнча бүгүн эртең менен соттук медициналык текшерүү болду. Мен азыркы тапта анын жыйынтыгын күтүп жатам.

Бул боюнча комиссия да түздүм. Алар азыркы тапта Жал кичи районундагы балдар ооруканасын текшерип жатышат. Ал жактан "чоң эле киши эмне үчүн балдар ооруканасына кайрылган, ага эмне себеп болгон?" деген суроолордун жообу изделип жатат".

Эмдөө боюнча биз сайтка беребиз. Анда ар бир бөтөлкөлөрдө номер бар. Ал жерде да комиссия иштеп жатат, соттук медициналык экспертиза да бул боюнча иш алып барууда. Мындан улам өлүмдүн так себеби изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот", - деди Бейшеналиев.

Бүгүн, 2-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун жазып чыккан.


Булак: Super.kg