Спорт
Алыкулов Европа кубогундагы мелдешке катышат
Элита плюс
Август 22, 2020 г.
Алыкулов Европа кубогундагы мелдешке катышат
© Элита плюс

Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу, учурда Казакстандын “Кайрат” клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубогундагы мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди. Ошондо Гүлжигит Алыкулов Европалык футбол клубдарынын деңгээлинде ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, Казакстандын "Кайрат" футболдук клубу 27-августта Европа лигасындагы мелдештердин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын "Ноа" клубу менен кездешет. “Мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн казакстандык клуб үч тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүшү керек”, - дейт Кыргыз футболдук союзу.