Саясат
Алтынбек Сулайманов: "Митингге чыккан жаштар 120 депутатын кошуп кууса болмок экен"
Элита плюс
Октябрь 21, 2020 г.
Алтынбек Сулайманов: "Митингге чыккан жаштар 120 депутатын кошуп кууса болмок экен"
© Элита плюс

Митингге чыккан жаштар Жогорку Кеңештин 120 депутатын кошуп кууса болмок экен. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов жыйын учурунда айтты.

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулган. Анда "Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун күн тартибине коюу маселеси талаш жаратты. Мындан улам ал 5-октябрдагы элдик толкундоо депутаттарга сабак болбогонун айтып нааразы болду.

"Элдик толкундоого негиз болгон маселени карайлы десек, ар түрдүү жакка буруп жатасыздар. 120 депутат көп дейсиңер, беш жыл кошоматчылыктын коюн союп отурдуңар эле го. Ал эми референдум маселеси четте туруп турсун. Шайлоо мыйзамына үч өзгөрүүнү кабыл алып берели. Кечээги окуя бизге аз болуптур. Борбордук аянтка чыккан жаштар 120бызды кошуп кубалабаптыр", - деди Сулайманов.

Ошондой эле ал Конституцияны бузуу эң оор кылмыш экенин унутпоону эскертти.