Саясат
Алтынай Омурбекова финполго эмнеге чакыртылды?
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Алтынай Омурбекова финполго эмнеге чакыртылды?
© Элита плюс

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгына мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өмүрбекова Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын лоббирлөө факты боюнча тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында сурак берүү үчүн чакырылган.

— «Тергөө тарабынан иштин жагдайлары аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Алтынай Өмүрбекованы вице-премьер-министр кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.