Маданият
Алтынай НАРБАЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Мугалимдик кесибим менен ырчылык ишим - менин эки канатым”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Алтынай НАРБАЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти:  “Мугалимдик кесибим менен ырчылык ишим -  менин эки канатым”
© Элита плюс
Алтынай НАРБАЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти:  “Мугалимдик кесибим менен ырчылык ишим -  менин эки канатым”
© Элита плюс
Алтынай НАРБАЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти:  “Мугалимдик кесибим менен ырчылык ишим -  менин эки канатым”
© Элита плюс
Алтынай НАРБАЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти:  “Мугалимдик кесибим менен ырчылык ишим -  менин эки канатым”
© Элита плюс

“Кат жазчы мага”, “Кимибизден”, “Кызган мени” аттуу ырлары менен калың элге таанылып, көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысына айланган таланттуу инсан Алтынай Нарбаева биздин бул жолку каарманыбыз болду. Кайсыл чыгарманы аткарбасын, ошол ырдын багын ачкан А. Нарбаеванын “Мен сени сүйөм, өмүр” аттуу ыры да учурда хит болуп жаткан убагы. Ырчылык өнөргө жан дүйнөсү менен берилип, өмүрүн кыргыз маданиятына арнап искусствого кызмат кылып келе жаткан А. Нарбаеванын эмгеги бааланып КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.Үнү менен айырмаланып, көпчүлүк тиш сала албаган оор ырларды ийине жеткире ырдаганы менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат.

  • Алтынай айым, чыгармачылыгыңызда элге айтар эмне жаңылыгыңыз бар? Ыр жаздырып, клип тарттырдыңызбы? Концертиңизге качан күбө болобуз?

  • Рахмат, негизи бул жаатта жаңылык арбын. Быйылкы жылда обону Эламан Жалаловго, сөзү Бактыгүл Чотуровага таандык «Сага айтпадым» аттуу ырды жаздырдым. Учурда Алишер Тоотаевдин «Күйөө балама насаат», Хабибилла Азиреткуловдун “Чакырба коштошууга” деген ырларын жаздырып жатам. Айтор, быйылкы жылы чыгармачылыктын үстүндө абдан жакшы эмгектенип жатам. Себеби эмки жылы элиме отчёттук концерт берсемби деген оюм бар. Учурда ошого даярдык көрүүдөмүн. Концертти эмки жылдын апрель айына пландоодомун. Кудай насип кылса, ошол күндөргө жетсек, жаз айында күбө болосуздар. Быйыл гана тыным алганым болбосо, 10-15 жылдан бери тынымсыз концерт берип келгем. Негизи быйыл деле концерт берсемби деген ойлор бар болчу. Бирок Рамазан айына бир ай калганда эмки жылга жылдырып койдук. Орозого даярдык көрүп быйылча эс алууну ылайыктадым. Жөн эле отуруп калганым жок, чыгармачылык жактан изденип жатам.

  • Бир убакта үч жерде иштериңизди айттыңыз эле, дагы деле ошол жерлерде иштеп жатасызбы?

  • Ооба, азыр деле үч жерде иштейм. Мугалимдик ишим - негизги кесибим. Шаардагы мектептердин биринде музыка мугалими болуп иштегениме 34 жылдын жүзү болду. Андан сырткары “Ысык-Ата-Арашан” фольклордук ансамблинде жана Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестринде солистмин. Заман ушундай болуп калбадыбы, иштебегенге болбойт.

  • Талантты элге тартуулоо түйшүктүүбү же мугалимдик ишпи?

  • Талант наристе сыяктуу дайыма көңүл бурууну, камкордукту талап кылат. Ошондуктан чыгармачыл адам күнүнө жок дегенде 2 сааттык убактысын чыгармачылыгына бурушу зарыл. Музыкалык аспапта ойноп, үнүн таптап туруу керек. Менин мугалимдик ишим менен ырчылык ишим бир тууган десем болот. Экөө эки арык болуп келип бир чоң деңизге куйгандай эле түшүнөм. Бири-бирине өтө жакын. “Кылым жаша, кылым үйрөн” дегендей, чыгармачылыктан үйрөнгөн нерсемди окуучуларыма үйрөтөм. Экөөнөн тең бирдей кыйынчылык тартам. Анткени экөө - менин эки канатым.

  • 35 жылга жакын педагогдук иш менен алек болуп, чыгармачылыкка кеч келдиңиз. Мугалимдердин айлыгы баарыбызга эле маалым, өзгөчө шаар жеринде эч нерсеге жетпейт. Ошол айлык менен жашоого болобу?

  • Жеке эле педагогдук иштин эмес, ырчылыктын деле маянасы көңүл жылытарлык эмес. Ошонун айынан жогоруда айткандай, үч жерде иштөөгө туура келип жатпайбы. Жашоо кымбат, кызымдын бала бакчасы, балдарымдын контрагы дегендей. Бирок шүгүр, үч жерден сырткары да элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып Кудайымдын берген ырыскысын бардыгына жеткирип келе жатам. Ырчылыкты да, педагогдук ишти да таштагым келбейт. Себеби ал жерден алган маянамдын даамына, берекесине эч нерсе жетпейт. Ал акча - бир айлык эмгегимдин акысы. Аны аз же көп дегенге болбойт. Анын үстүнө мектептеги балдарыма болгон сүйүүм маянадан дагы жогору турат.

    • Сиздин ырларды кары-жаш дебей жалпы угат. Улуунун да, кичүүнүн да жүрөгүнөн кантип орун таба алдыңыз?
  • Негизи ыр тандоодо табит күчтүү болушу керек. Жаш өзгөчөлүгүңө, жашоо образыңа, жан дүйнөңө ылайык ыр тандалып алынганда ошол ырды жан дилиң менен аткарасың. Ал эми жүрөктөн чыккан чыгарма жүрөккө жетет. Мен өзгөчө түйшүктүү ырларды ырдаганды жакшы көрөм. Мына азыр М. Атабеков экөөбүз аткарып жүргөн “Мен сени сүйөм, өмүр” ырыбызды кары-жаш жалпы угуп элге тез эле алынып кетти. Обону Шамшыбек Өтөбаевге, ал эми сөзү Фатима Абдаловага таандык “Кат жазчы мага” деген ырым жакшы кетти. Сөзүн Дооронбек Садырбаев жазган, Жаныш Кочкоровдун “Кимибизден” деген ыры элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Ошондой эле Майра Керим кызынын калемине, обону Жазгүл Жумакановага таандык “Кызган мени” деген ырым да жакшы кетти. Кыскасы, менин аткаруумдагы ырлардын дээрлик бардыгын эле эл жетелеп кетет. Мен ошого кубанам. Кары-жаш дебей ар бир адамдын жүрөгүнөн орун алып, ойго салган чыгарма болсо экен деп аракеттенем.

  • Мен билгенден кыргыз сахнасындагы жалгыз аккордеончу айымсыз. Мындан сырткары да кайсы музыкалык аспаптарда ойнойсуз?

  • Мен жалгызмын дегенден алысмын. Азыр аркамдан бир топ аккордеончу кыздар келе жатат. Ошол эле Гүлмира Айдосова, өзүмдүн сиңдим Дилфуза Нарбаеваларды айта алам. Ал эми өзүм аккордеондон сырткары фортепианодо ойнойм. Дагы бир өзгөчөлүгүм - Жалал-Абад маданият техникумун бүткөм. Ал жерде үйлөмө аспаптардын ичинен трубада ойногонду үйрөнгөм.

  • Учурда атактуулуктун пайдасы кандай тиет, колдонуп калган учур болобу?

  • Атактуулукту пайдаланган деле жокмун. Анын пайда, зыяны менин жашоомдо анчейин деле колдонула бербейт. Элим чыгармачылыгымды баалап, көчөдөн же коомдук жайлардан жолугуп “ырларыңыз жагат, жөнөкөйсүз” дешсе кубанам. Бирок Эмгек сиңирген артист элем деп ар жерге башымды тыгып, ишимди бүтүргөн жан эмесмин. Тескерисинче, жөнөкөй болуп эл арасында жүргөндү жактырам.

  • “Чыгармачыл адамдарды ичкилик, көрө албастык, атаандаштык талкалап салат” дешет. Сиз деле мындай нерселерге кабылсаңыз керек?..

  • Атаандашуу сөзсүз болот, ал эми көрө албастыктан сактасын. Жеке өзүм жакшы мамиле кылганга аракеттенем. Бирок сөз менен болобу же мамиле менен болобу, айтор, жүрөк ооруткан учурлар көп эле болот. Анткен менен баарын унутканга аракет кылам. Алдыга гана жылуу керек. Атаандашуунун жакшы жагы бар. Атаандашып отуруп бир жыйынтык чыгарасың. Ошондуктан атаандашуу ар дайым болуп келген, боло берет. Атаандашуу бар жерде өсүү бар деп түшүнөм.

  • Намаз окуп, дин жолунда экениңизден кабарыбыз бар. Акыйкат жолун тапканыңызга эмне себеп болду? “Пенде башына кыйынчылык түшкөндө гана Алланы эстейт” дегенге кошуласызбы?

  • Ооба, 36 жашымдан бери намазга жыгылып дин жолундамын. Себеби ага чейин үч жолу аксакалы жайкалган карыя: “Намаз окуйсуңбу, куран билесиңби?”- деп түшүмө кирген. Мен бул нерсени аян катары кабыл алып акыйкаттык жолуна түшкөм. 37 жашымда атам, 42 жашымда апам кайтыш болду. Намаз окуп, куран окуп, өткөндөргө багыштап дуба кылып турам. Бирок намазды жарнама кылууга болбойт, ал сенин өзүң үчүн.

  • Кудай буюрса, быйыл келин алам деп турган экенсиз, өзүңүздүн келин болуп барган жериңиз туурасында айтсаңыз. “Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт” болуп күлкүлүү окуялар болгонбу?

  • Ооба, буюрса, сентябрда келин алсакпы деп даярдык көрүп жатабыз. Ал күндү чыдамсыздык менен күтөт экенсиң. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жолдошум экөөбүз тең небере жытын жыттасак деп тилейбиз. Балдарыбыздын бактысы - биздин бактыбыз. Эми ошол күндөргө жеткирсин. Мен дагы келин болгом. Ал учур, албетте, эсимде. Жаңы келин келгенде халат же көйнөк кийгизишет эмеспи, мага көйнөк тигип коюшуптур. Арык чырай деп ойлошкон го. Баягы көйнөктү кийсем эле чытырап тигиштеринен сөгүлүп кетсе болобу. Ошол убак эсимден такыр кетпейт, эстеген сайын күлөм. Ошондо кайрадан көйнөк тигип кийгизишкен.

    • Бир ирет берген маегиңизде короого кооз гүлдөрдү тигип, бакчага малина айдап, тоок бастырып, жөжө багарыңызды билгенбиз. Мындан улам мээнеткеч, түйшүкчүл адам окшойсуз?
  • Шаар сыртындагы үйүбүздө гүлдөрдү өстүрүп, тоокторду кармайбыз. Гүлдөрдү өз колум менен отургузуп, өстүрөм. Ошолордон ырахат алам. Ар бири менен кадимкидей эле учурашам, сүйлөшөм. Биз айылдын кызыбыз. Айылда эле чоңойгонбуз. Тоокторум менен сүйлөшөм. Аларды кубалап, жыгылып, буттарым сыйрылып, канаган убактар деле болот. Өз жашоомо ыраазымын, бактылуумун.

  • 8 бир туугандын кичүүсү, эрке кыз болгонуңузду айткан элеңиз. Сурайын дегеним, эркеликти, мүнөздү жашоо-турмуш өзгөртөт бекен?

  • Ооба, бир үйдүн кенжеси болгондуктан эрке болдум. Айтканым айткандай, дегеним дегендей болчу. Азыр деле Кудайыма шүгүр, балдарым, жолдошум, бир туугандарым эркелетет. Бул деле жакшы сапат. Бирок ошого жараша өзүм дагы өтө жоопкерчилик менен мамиле кылып убада берсем аткарууга аракет кылам.

  • “Ай, ушундан арылсам болот эле” деп арыла албай жүргөн кандай адат, кемчилигиңиз бар?

  • Арылсам болот эле деген деле сапатым жок. Тез жиним келип, сөз көтөрө албаган жагым бар. Капа болсом да чын жүрөктөн капа болом. Ушул сапаттарым өзүмө да жакпайт. Капа болсом да билмексен болуп коёюн десем деле баары бир билинип калат. Өнөр адамдары баары бир эмоционалдуу келебиз. Жиним кандай бат келсе, ошондой бат тарайт. Оор басырыктуураак болсом экен дейм. Бирок ушул убакытка чейин калбаган адат мындан кийин деле калбаса керек. Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА