Коом
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Элита плюс
Февраль 20, 2021 г.
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
© Элита плюс
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
© Элита плюс
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
© Элита плюс
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
© Элита плюс

Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки мырза менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди.

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту.

Тизмелердин түшүндүрмөсү:

  • A - эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;
  • B - көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;
  • C - аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилет.

Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

Муну менен катар эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди.

Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, Кыргыз-пакистан илимий фондун түзүү тууралуу макулдашты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Федералдык жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Мехмуд менен жолугушту.

Кыргызстан жана Пакистандын ЖОЖдорунун ортосунда академиялык мобилдүүлүктү жайылтуу багытында иштер жүргүзүлмөй болду.

Тараптар билим берүү тармагындагы тажрыйбалар менен алмашууну макулдашышты. Пакистан тарап менен кесиптик-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик стандартын иштеп чыгууда тажрыйба алмашуу жүрөт.

Ал эми Кыргызстан Пакистанга онлайн билим берүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшмөй болду. Пакистандын Федералдык жана кесиптик билим берүү министри жана Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Кыргызстандагы онлайн билим берүү жаатындагы жасалган иштерге жогорку баа беришти.

Ошондой эле, Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын саламаттык сактоо министри Файсал Султан менен жолугуп, Кыргызстанда окуп жаткан пакистандык студенттер тууралуу маек курду.


КР ББИМдин басма сөз кызматы