Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттамды «Эйр Астана» аба компаниясы жүргүзөт. Каттам аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү учат.
Ал эми Орусия менен туруктуу каттамдар жандана элек.
Учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда чартердик каттамдар гана учууда. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда:
Бишкек-Москва ("Аэрофлот", "Урал аба жолдору", "Авиа Траффик") – жумасына 12 каттам;
Бишкек-Новосибирск ("Сибирь аба жолдору" жана "Авиа Траффик") - жумасына беш каттам;
Бишкек-Екатеринбург ("Авиа Траффик", "Урал аба жолдору") – жумасына үч жолу;
Бишкек-Санкт-Петербург ("Урал аба жолдору", "Авиа Траффик") – жумасына эки каттам;
Бишкек – Сургут ("Авиа Траффик") – жумасына бир жолу;
Ош – Москва ("Аэрофлот", "Урал аба жолдору", "Авиа Траффик" жана "Сибирь аба жолдору") – жумасына 13 каттам;
Ош – Новосибирск ("Сибирь аба жолдору", "Авиа Траффик") – аптасына алты жолу;
Ош - Екатеринбург ("Урал аба жолдору", "Авиа Траффик") – жумасына төрт жолу;
Ош – Сургут ("Авиа Траффик") – аптасына бир каттам;
Ош – Иркутск ("Авиа Траффик") – аптасына бир каттам; Ош – Красноярск ("Авиа Траффик") – жумасына эки каттам.
Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тартып Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран алып келинген.
Июнь айынан тарта, Ош-Бишкек багытындагы ички каттам жанданган. 14-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен, 18-сентябрдан Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттамдар ишин улантты.
Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын жанданткан