Дүйнөдө
Алгачкы жума намазы окулган тарыхый “Айя-София” мечити дезинфекцияланды
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Алгачкы жума намазы окулган тарыхый “Айя-София” мечити дезинфекцияланды
© Элита плюс

Өткөн жумада алгачкы жума намазы окулган тарыхый “Айя-София” мечити дезинфекциядан өттү. 10-июлда Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган “Айя-Софияны” музейге айлантуу чечимимин жокко чыгарып, мечит статусун кайтарып берген. Тарыхый жай алтынчы кылымда византиялык император Юстиниан тарабынан курулган. Осмон империясы 1453-жылы Константинополь же азыркы Стамбулду ээлеп алышкандан кийин аны мечитке айландырылган. 1934-жылы Түрк жумуриятынын түптөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк ал жерди музей кылуу буйругуна кол койгон. “Айя-София” ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Байыркы заманда православдардын кафедралык собору болуп, кийинчерээк музейге айландырылган жай болчу.