Президент
Алексеевка айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Алексеевка айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылган долбоордун иши менен таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момуновдун айтымында Алексеевка айылындагы таза суу менен жабдуу системасынын эскиргендигине байланыштуу, айылдын басымдуу бөлүгүндө көп жылдан бери таза суу маселеси көйгөй болуп келген. Бул максатта айылдарды таза суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында АРИС аркылуу кудуктар калыбына келтирилип, скважиналар менен насостук курулмалар оңдолгон. Суу менен камсыздаган системанын курулушу бүткөн. Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аяктады жана Алексеевка айылынын 8 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыз болду. Жергиликтүү эл менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишине канааттанып, өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу - анын президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири экенин айтты. Президент жергиликтүү бийлик менен тиешелүү бийлик органдарын бул багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга, ошондой эле курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Эске салсак, айылдарды суу менен жабдууну туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИС уюмунун Дүйнөлүк Банк менен биргелешкен линиясы боюнча ишке ашырылууда. Анда негизинен калктуу конуштарды суу менен жабдуу системасын жакшыртуу жана санитарияны колго алуу максаты коюлган. АРИС өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жалпысынан 2024-жылга чейин өлкөдөгү 208 айылда жана 2 шаарда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну максат кылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин белгилегендей, 2024-жылга чейин калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси өлкөнүн бардык аймактарында толук чечилет. Өлкөнүн 822 айылы таза сууга жетет. Долбоорду ишке ашыруу грант жана узак мөөнөттүү насыялардан турган 33 миллиард сом өлчөмүндөгү каражатка аткарылат. Акыркы эки жылда өлкөнүн 122 айылы таза суу менен камсыздалды.