Алай районунда 60 орундуу жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукана ачылып колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган имарат 1996- жылы курулуп бүткөн. 1999-жылы мектеп катары колдонууга берилген.
"Пандемиялык кырдаалда зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп - түзөө , жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды. Учурда толук бүтүрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулду. Коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өкмөт өкүлү Жарасул Абдураимов ушул айдын башында курулуш иштерин кабыл алып, оорукананы тезирээк бүтүрүү зарыл экендигин белгилеген.