Коом
"Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрүнүн саптык тескемеси өтүүдө
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
"Ала-Тоо" аянтында күч түзүмдөрүнүн саптык тескемеси өтүүдө
© Элита плюс

«Ала-Тоо» аянтында бардык күч түзүмдөрүнүн катышуусунда Бишкек гарнизонунун саптык тескемеси өтүп жатат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирип, сүрөттөрдү жиберүүдө.

Тескеме күч түзүмдөрүнүн Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча даярдыгын текшерүү максатында өтүүдө. Саптык кароону Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменденты Алмазбек Орозалиев башкарууда.