Коом
"Ала-Тоо 24" телеканалынын эмгек жамааты иш таштады
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
"Ала-Тоо 24" телеканалынын эмгек жамааты иш таштады
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналынын элүүдөн ашуун кызматкери иш таштады. Алар муну телеканалга жаңы келген жетекчи Чынар Капарова менен иштешүүнү каалабаганы менен түшүндүрүшүүдө. Жамаат "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген адамдарга кайрылуу жолдоду.

Анда: "Өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир Бол” партиясынын өкүлдөрү мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылышты. Координациялык кеңеш мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп алууну мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты. Бирок, өздөрүн элдин атынан деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө. Кечээки митинг кресло талаш үчүн болду беле?! Башаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?!" деп жазылган.

Кайрылууда белгиленгенге караганда "Бир Бол" партиясынын шайлоо тизмесиндеги журналист Чынара Капарованы тарапташтары "Ала-Тоо 24" каналынын продюсери кызматына дайындашкан.

Каналдын продюсери Сюита Соурбаева каналдын элүүдөн ашуун кызматкери учурда Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууну көздөп жатышканын "Азаттыкка" билдирди.

Мурдараак Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Бакашева дайындалганы, ал эми "Кыргыз радио бирикмесинин" жетекчиси Мирлан Самыйкожо ордунда калганы кабарланган.

Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт» жана «Ала-Тоо 24» обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору бар.