Саясат
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешме өтүп жатат
Элита плюс
Декабрь 10, 2020 г.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешме өтүп жатат
© Элита плюс

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешме өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Координациялык кеңешме Башкы прокурордун төрагалыгы астында өтүп, ага Жогорку Кеңештин, президенттин, өкмөттүн аппаратынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Эсептөө палатасынын, укук коргоо органдарынын, тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып жатканы айтылат.

"Күн тартибинде, Саламаттыкты сактоо тармагында, аны менен бирге коронавирус илдетине карата иш-чараларды жүзөгө ашырууда коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери каралат. Тагыраагы, жеке ишкерлердин укуктарын коргоо тармагындагы мыйзамдуулуктун абалы, укук коргоо жана көзөмөлдөчү органдардын ишмердүүлүгүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, укук колдонуучу практикадагы тоскоолдуктар, укук коргоо органдарынын кызматтык (коррупциялык) кылмыштар боюнча катталган жазык иштеринин тергөөдөгү абалы, 2020-жылы аталган категориядагы иштер боюнча сот органдары тарабынан кабыл алынган актоо өкүмдөрүнүн негиздери жана себептери талкууланмакчы" , - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, мурдагы Координациялык кеңешменин чечиминин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы каралары маалымдалат.