Коом
Акысыз түрдө электрондук кол тамга берүү өнөктүгү башталды
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Акысыз түрдө электрондук кол тамга берүү өнөктүгү башталды
© Элита плюс

Кыргызстанда акысыз түрдө электрондук кол тамга берүү өнөктүгү башталды. Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай,
санариптик электрондук кол тамгаларды берүү кампаниясы 2021-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта жеке жана юридикалык тараптар акысыз түрдө электрондук кол тамганы ала алат, ал бир жылдык мөөнөткө жарактуу болот. Кол тамга кызмат алгандарды идентификациялоого, онлайн режимде алмашылып турган маалыматтарды коргоого, документтин жарактуулугун тастыктоого жана мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Электрондук кол тамганы өлкө аймагындагы бардык калкты тейлөө борборлорунан алса болот. Ал эми чет жакта жүргөн мекендештер өзү жашаган өлкөдөгү Кыргызстандын дипломатиялык мекемелерине кайрылып ала алышат. снх