Коом
Акыркы суткада коронавирустан дагы 3 адам каза болду
Элита плюс
Декабрь 18, 2020 г.
Акыркы суткада коронавирустан дагы 3 адам каза болду
© Элита плюс

Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы үчөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун экөө Баткен облусунда, бирөө Ош облусунда катталды.

Муну менен республика боюнча оорудан көз жумгандардын саны жалпы 1 миң 324 болду.