Коом
Акыркы суткада коронавирустан айыккандар көп
Элита плюс
Июль 23, 2020 г.
Акыркы суткада коронавирустан айыккандар көп
© Элита плюс

Акыркы суткада коронавирустан 1031 адам айыкты. Жугуштуу оору башталгандан бери айыккандардын саны 17 миңге чамалады. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, 346 киши коронавирустан жана 685 адам пневмониядан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бишкек шаарында 365 киши, Ош шаарында - 117, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 79, Нарын облусунда - 36, Ысык-Көл облусунда - 149, Жалал-Абад облусунда - 109, Талас облусунда - 65, Баткен облусунда 33 бейтап тумоону жеңип чыккан.