Коом
Акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды
Элита плюс
Март 10, 2023 г.
Акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды
© Элита плюс

Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусуда 2, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Алсак, Кара-Суу районунун Кескен-Жар айылында эки кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 128 чарчы метр чатыры, 400 түк жыйылган чөп жана 12 эчки күйгөн, өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана бастырманын жалпы 74 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.