Саясат
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
Элита плюс
Март 12, 2023 г.
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
© Элита плюс
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
© Элита плюс
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
© Элита плюс
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
© Элита плюс
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
© Элита плюс

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапары аяктады.

Жумуш сапарынын акыркы күнүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Самарканд шаарындагы бир катар айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү “SAG AGRO” күнөскана комплексинин (“In-vitro” лабораториясы) жана жашылча-жемиштердин негизинде тамак-аш азыктарын чыгарган интенсивдүү багбанчылык боюнча “Agromir” кластеринин иши менен таанышты.

“Айыл чарба тармагы ата мекендик экономикада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошол себептүү, мамлекет тарабынан дыйкан чарбаларын колдоо, алардын продукциясын экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча бир топ аракеттер көрүлүүдө. Дыйкандардын айыл чарба тармагындагы акыркы технологиялык чечимдерди колдонуусу, өндүрүлгөн түшүмдү кайра иштетүү, таңгактоо жана логистика натыйжалуулукту жана инвестициянын кайтарымын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Бул жагынан албетте республикабыздын алдыңкы чарбаларынын өз продукциясын тышкы рынокко чыгаруу боюнча Өзбекстан Республикасынын тажырыйбасы биз үчүн кызыктуу”, - деди ал.

Белгилей кетсек, “Agromir” компаниясы Өзбекстан Республикасынын рыногунда лидер болуп эсептелет жана компаниянын шире категориясы боюнча сатуусу 46%га жакын.

“In-vitro” лабораторияларында клоналдык тамырлар жана мөмөлүү дарактардын кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлөт. Өсүмдүктөр илдеттерге жана зыянкечтерге чыдабайт, кургакчылыкка туруктуу, ар кандай климаттык шарттарга ылайыкташкан.

Учурда лабораторияда жаңгак, бадам, шабдалы, алча, өрүк, алмурут, алма сыяктуу мөмөлүү дарактардын клоналдык тамыры жана кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин башчысынын Өзбекстан Республикасына болгон жумуш сапары 2023-жылдын 8-мартында башталган.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду.

Өзгөчө Министрлер Кабинетинин Төрагаснынын көңүлү коңшу республиканын өнөр жай тармагына, кластердик системасына, IT-чөйрөсүн өнүктүрүүгө бурулду.

Жумуш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине бир тууган республиканын алдыңкы тажрыйбасын колдонуу менен өнөр жайды өнүктүрүүгө, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт.