Саясат
Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду
Элита плюс
Октябрь 23, 2020 г.
Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду
© Элита плюс

Шайлоону жылдыруу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду. Бул тууралуу ал өзү 22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Буга таң калуу менен караган төраганын орун басары Мирлан Бакиров "Садыр Жапаровдун кеңешчиси болушуңуз менен куттуктайбыз. Буга чейин Абылгазиевдин да кеңешчиси болдуңуз эле, ишиңизге ийгилик" деди. Анда Жапаров "Абылгазиев менин кеңешимди укканда, отставкага кетмек эмес жана 3 жылда президенттин ыйгарым укуктарын тапшыртмак эмес. Азыркы өкмөт башчы мени угам деп жатат, ошондуктан бардым", - деп жооп берди Акылбек Жапаров.

Жапаров коомдук башталышта кеңешчи боло тургандыгын жана эмгек акы албай иштей тургандыгын кошумчалады.
Буга депутаттар күлүп, кол чабышты.