Саясат
Акылбек ЖАМАНГУЛОВ, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси: “Санарип мектеп” долбоорун социалдык долбоор катары колдоого алдык”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Акылбек ЖАМАНГУЛОВ, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси:  “Санарип мектеп” долбоорун социалдык долбоор катары колдоого алдык”
© Элита плюс
Акылбек ЖАМАНГУЛОВ, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси:  “Санарип мектеп” долбоорун социалдык долбоор катары колдоого алдык”
© Элита плюс
Акылбек ЖАМАНГУЛОВ, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси:  “Санарип мектеп” долбоорун социалдык долбоор катары колдоого алдык”
© Элита плюс
Акылбек ЖАМАНГУЛОВ, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси:  “Санарип мектеп” долбоорун социалдык долбоор катары колдоого алдык”
© Элита плюс

Megacom компаниясынын директору Акылбек Жамангулов менен Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Долбоорго пилоттук түрдө алгач 10 мектеп тандалып алынып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көзөмөл жүргүзүү автоматташтырылат. Аталган долбоор Megacom компаниясы тарабынан толук каржыланат. Ал эми окуучулардын жеке маалыматын сактоо жана коргоону Билим берүү министрлиги көзөмөлдөйт. Кол коюлган келишим элге түшүнүктүү болушу үчүн кеп башынан болсун.

  • Акылбек Жекшенович, “Санарип мектеп” долбоору боюнча кыскача айта кетсеңиз.

  • Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Жарлыгын колдоо максатында жана мамлекетке салымыбызды кошуу үчүн “Мегаком” компаниясы Билим берүү министрлигине “Санарип мектеп” долбоорун ишке киргизели деп кайрылганбыз. Буйруса, жакында аталган долбоорду ишке киргизип баштайбыз. “Мегаком” компаниясы бул долбоорду колдоо менен пайда, акча табуу максатын көздөбөйт. Биз ар дайым социалдык долбоорлорду колдойбуз. Андан сырктары эл үчүн кызмат кылып, кичинекей бөбөктөрүбүздүн жүрүм-туруму, билим сапаты боюнча натыйжалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүнү ниет кылабыз. Билим берүү министрине чоң ыраазычылык билдирем, долбоорду колдоп, жакшы көмөк көрсөтүп жатышат. Андыктан долбоордун алгачкы натыйжаларын жакын арада коомчулук түздөн-түз көрүп, балдары аркылуу жакшы жагын сезе алышат деген үмүттөмүн.

  • Долбоордун каржылык жагын жүз пайыз “Мегаком” каржылайбы же министрлик тараптан да каражат бөлүнөбү?

  • Каржылоо биз жана биздин өнөктөштөрүбүз тарабынан жүргүзүлөт.

  • Он мектеп бир эле борбордон тандалабы же аймактардан дагы барбы?

  • Санариптештирүү кайсы мектептерде жүргүзүлө тургандыгын министрлик аныктап, тактап берет. Биз ошого ылайык ишти баштайбыз.

  • Долбоордун жалпы суммасы канчаны түзөт?

  • Бул эми мектепке жараша болот. Мектептин көлөмүнө, кайда жайгашкандыгына карап негиздемелерди түзүп, андан соң долбоорду ишке киргизип беребиз. Техникалык жабдууларын тейлөө жагы да “Мегакомго” жүктөлөт. Ал эми калган иштерин, башкача айтканда, ким канча төлөйт же төлөбөйт, министрлик өзү аныктайт.

  • Аталган долбоорду эмненин негизинде колдоого алып, каржылоону чечтиңиздер. Албетте, бардык жерде кызыкчылык болот. Сиздер коммерциялык компаниясыздар, андыктан сиздерге мындан кандай пайда түшөт?

  • Абдан жакшы суроо, албетте, ар бир ири бизнес жалгыз эле акчанын аркасынан түшпөстөн, бизнестин дагы социалдык жакка жоопкерчилиги болушу шарт. Бул долбоорду биз социалдык долбоор катары колдоого алдык. Бизге жаккан жери канча деген жарандарыбыз баласы тууралуу маалыматты түз ала алгандыгы болду. Экинчиден, баласы жөнүндө коопсуздукту сактай алат. Үчүнчүдөн, баласынын кандай билим алып жатканынан кабардар болуп турат. Кандай тамак ичип, кайда жүргөндүгүн, ким менен сүйлөшүп жаткандыгын толук кандуу бул долбоордон ала алышат. Дагы бир жагы, биз санариптештирүү жылынын алкагында президентибиздин Жарлыгын колдоп ушул долбоорду алып чыгып жатабыз.

  • Интернет киргизилет деп жатпайбы, ошондо Мегакомдун интернеттик тарифи кирет да. Балким, ошондон сиздерге бир аз пайда болушу мүмкүн да, туурабы?

  • Албетте, эми биз эч кимди мажбурлабайбыз. Учурда 93 пайыз аймактар биздин 4G интернети менен камсыздалган. Андан биз кошумча каражат табабыз дегенден алыспыз.

  • 5G инернетти ишке киргизип, апрель айында тесттен өткөрүлгөнү жатат. Мамлекеттик “Мегаком” компаниясы ушуга активдүү катышабы?

  • Абдан активдүү катышып жатабыз. 5G боюнча жакында көргөзмөбүздү уюштурабыз. Тестирлик зона катары Бишкек жана Ош шаары болот. Жалпы абоненттерибиз ошондо 5Gнын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенине күбө болушат. 5G ны жеке эле уюлдук компаниялар эмес, өндүрүшкө, медицинага, билим берүү тармагына Кыргызстандын жалпы бир экономикасына пайда алып келе турган тармактарына сарптала турганын ошо тестирлик зоналарда түшүндүрүп беребиз.

  • 2019-жылы “Мегаком” компаниясы кандай кызматтарды ишке киргизе алды?

  • 2019-жыл бизге оңой жыл болгон жок. Бирок ага карабастан биз алдыга койгон бардык максатыбызды ишке ашырдык. Каржылык жактан дагы бир топ өсүшкө жетиштик. Экинчиден, 2018-жылга салыштырмалуу 500 пайызга көбүрөөк иш-чараларды жүргүздүк. Жалпысынан өзүбүздүн тиркемелердин көбүн иштеп чыктык. Ошол эле мамлекеттик органдар менен чогуу өнөктөштүк жүргүзгөн “Мегапей” тиркемесинин ичинде мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө инфраструктурасын дайындап бердик. Андан сырткары алыскы 4G жок аймактарга инфраструктураны жалпы ошол мамлекеттик органдарга жеке өнөктөштөр аркылуу тарттырып бердик.

Надира ЖУСУПБЕКОВА, КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары:

“Мугалимде күмөн саноо болбой, айлыгы автоматтык түрдө эсептелет”

  • Бүт өлкө санариптештирилип жаткан соң билим берүү тармагы да алдыңкы технологиялардан артта калгысы келбейт. Ошондуктан биз “Акылдуу мектеп - келечектин мектеби” моделин иштеп чыктык. Биздин эксперттер Билим берүү министрлигинин адистери менен бул иштин үстүнөн иштеди. “Акылдуу мектеп” эмнелерден турушу керек? Кандай мектепти биз ушундай келечектин мектеби дейбиз? Бул абдан конкреттүү модель. Ага эң алдыңкы мектептердин моделдерин киргизүүгө аракеттендик. Бул электрондук тейлөөлөрдөн башталат. Электрондук күндөлүктөр, журнал, башкача айтканда, мугалимдердин көпчүлүк жумушу автоматташтырылат. Айтор, буга чейин көп убакытты алган иштердин баары аз убакытта бүтүп ыңгайлуу болот. 1-класска электрондук жазуу жүргүзүлөт. Китепканачылардын компьютериндеги программада канча китеп бар экени, дагы канча китеп жетишсиз болгону, кайсы китептер балдардын колунда турат деген сыяктуу нерселер автоматташтырылышы зарыл. Ар бир мектептин сайты болуп, анда мектеп жөнүндө толук маалымат камтылып, ата-энелерге жана эксперттерге керектүү маалыматтар жайгашышы керек. Мындан сырткары мектептин ашканасындагы меню, окуу куралдары, мектеп шаймандары, канча окуучу, канча мугалим бар, ошол нерсенин баары ачык-айкын болушу талапка ылайык. Бизге мына ушундай коррупциялык мыйзам бузууларга жол бербей турган программа керек. Мугалимдерде эч кандай күмөн саноо болбой, алардын айлык акысы автоматтык түрдө эсептелет. Экинчиси - электрондук чөйрө. Ар бир мектепте кеминде эки компьютердик класс болуусу шарт, биздин талап ушундай. Мультимедиалык жабдыктар, мектептин лабораториясы, физика, химия, биология жана башка сабактар үчүн лабораториялар керектүү жабдыктар менен камсыздалышы абзел. Балдардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл орнотулуп, эшиктин алдындагы турникеттен бала мектепте, мектептен чыгып кетти деген сыяктуу маалымат ата-энесине жетип турат.

Нурлан ОМУРОВ, КРнын билим берүү жана илим министринин орун басары:

“Акылдуу мектеп - келечектин мектеби” -Санариптештирүү жылынын алкагында биз орто мектептен баштап жогорку окуу жайына чейин чоң максаттарды койгонбуз. Негизи эле билим берүүнүн бардык баскычтарында жазылуунун электрондук кезектери, электрондук китепканалар, мугалимдердин санариптик жөндөмдөрүн калыптандыруу боюнча каралган иштер арбын. Он мектеп кирген “Акылдуу мектеп - келечектин мектеби” модели жыл аягына чейин ишке киргизилет. Ошондуктан бул акылдуу мектепке киргизүүгө коомго керектүү билимдерин, жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн жеке эле мектеп эмес, кызыктар тараптар менен иш жүргүзүү өтө маанилүү болуп турат. Башкача айтканда, азыркы жана келечек муун үчүн зарыл нерсе. Эң биринчи кезекте инфраструктураны түзүш керек. Ал үчүн көбүнчө санарип жөндөмдөрү деп айтып жатабыз. Ошол эле кезде окуп, маалымат алып, изденүү жөндөмдөрү жана аларды колдонуу мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарга түп тамырынан баштап инфраструктуранын жардамы менен ошол жөндөмдөрдү калыптандырышыбыз абзел. Ал эми кийинки баскыч баштапкы, ортоңку жана жогорку билим берүү деңгээлдеринде ошол жөндөмдөрдүн негизинде андан тереңирээк дагы өзүнүн профессионалдык келечегинде болобу, керектүү билим алуу үчүн негизги комплекстүү мамиле кылыш керек. Андыктан ушул жылы жогорудагы пилоттук моделди жүргүзүп алсак, келечек муун мектепти аяктаганда тиешелүү жөндөмгө ээ болуп калат эле. Андан кийинки баскычтарда баштапкы, ортоңку жана жогорку билим берүү системасынын мазмунун дагы өзгөртмөкпүз. Себеби учурдун талабы алмашып жатат. Көптөгөн кесиптердин мазмуну жана ага болгон суроо-талап өзгөрүүдө. “Мегаком” компаниясы бир гана уюлдук байланышты эмес, мамлекетте негизи эле тиркемелерди жасоодо жана санариптештирүүдө иш алып барат. Андыктан санарип мектепти биргеликте ишке ашырууга бел байлаган “Мегаком” компаниясына жана анын жетекчиси Акылбек Жаманкуловго ыраазычылык билдиребиз.