Ийгилик сыры
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
Элита плюс
Май 31, 2020 г.
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс
АКЫЛБЕК ЖАМАНГУЛОВ, “МЕГАКОМ” КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: “БИЗ БИРГЕ БОЛСОК, БАРДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕ АЛАБЫЗ!”
© Элита плюс

 

Март айы ортолоп калганда коронавирус илдети жөнүндө көп айтылып, кийин өзгөчө кырдаал киргизилгенден баштап MegaCom компаниясы аталган илдет менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турган кесип ээлерине өз жардамын берип, ар тараптуу колдоо көрсөтүп баштаганын угуп, көрүп жаттык. MegaCom социалдык-жооптуу уюм катары Кыргызстандын калкын байланыш менен камсыздоо, мамлекеттик түзүмдөргө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кооптуу шартта активдүү жардам берүү боюнча актуалдуу чечимдерди алгачкылардан болуп кабыл алды. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы уюлдук оператордун ишмердүүлүгү тууралуу MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов менен маектешип, ал аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кенен айтып берди.

Акылбек Жекшенович, өлкөдө коронавирус катталган алгачкы күндөн тартып кандай иштер кечиктирилгис колго алынды?

– «Альфа Телеком» ЖЧКсы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык мекемелеринин кызматкерлерин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, ӨКМнын медициналык кызматкерлерин, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коронавирустун таралышынын алдын алуу боюнча штабдын кызматкерлерин, жалпысынан алганда, өзгөчө кырдаал мезгилинде акысыз байланыш жана интернет менен 300 миңге жакын адамды камсыздадык. Мындан тышкары карантинге байланыштуу транспорттук каттамдар токтотулгандыктан MegaCom борбор калаадагы калкка кызмат көрсөтүү үчүн жана жумушуна бара албай калган медицина кызматкерлери үчүн транспорт уюштуруп бердик. Аларды иш жерине алып барып, кечкисин үйлөрүнө жеткирип жаттык. Биз бөлгөн транспорт 25-майда гана ишин токтотту. SMS-билдирмелерди жиберүү менен компания кыргызстандыктарга коронавирус инфекциясынан коргонуу тартиптери боюнча эскертип жатты. MegaCom ошондой эле калкты COVID-19 боюнча маалымат менен камсыздоо максатында ролл-мобил автоунааларын жана жарнама такталарын бөлүп берди. Тынымсыз байланыш номерлерине чалып эпидемиологиялык кырдаал боюнча суроолорду берүү үчүн абоненттерге бекер чалууларды уюштурду. Мындан тышкары абоненттер үйдөн чыкпай туруп ар кандай товар жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөчү онлайн-тейлөөлөрдү колдонуусу үчүн оптималдуу коопсуз шарттарды түзө алдык. Интернет-банкинг жана MegaPay электрондук капчыгын колдонууда кызмат көрсөтүүнү акысыз кылып, абоненттер үчүн трафик сарпталуусун жокко чыгардык.

 

– Сатуу жана тейлөө борборлору жабык турду. Бул учурда абоненттерди кантип SIM-карта жана башка кызматтар менен камсыздап жаттыңыздар?

– MegaCom бул жаатта өлкөнүн бардык бурчуна SIM-карталарды акысыз жеткирүү кызматын аткарып жатты. Ошондой эле түзүлүшкө орнотулган санариптик SIM-карта катары колдонулуучу eSIM инновациялык технологиясын ишке киргизди. MegaCom шаар ичинде зарыл иштери менен көчөгө чыккан адамдарга да кам көрүп, MegaPay тиркемесинде абоненттер оңой жана ылдам онлайн режимде өзүнө документ даярдап алуусу үчүн биринчилерден болуп электрондук “Маршруттук баракчалар” кызматын ишке киргизди. MegaPay мобилдик капчыкта болсо коронавирус менен күрөшүү үчүн каражат чогултуу уюштурулган.

 

Студенттер, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн онлайн окутуулар маселе жараткан учурларды көрүп жаттык. Бул жаатта компания абоненттерине кандай шарттарды түздү?

– Балдарыбыздын окуп билим алуусу үзгүлтүккө учурабашы керек, көп нерсе онлайнга өтүп жаткандыктан биз өз кызматыбызды акысыз көрсөтүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Биз маалыматтык-көңүл ачуучу жана билим берүү тармагындагы тейлөөнү бекер жеткиликтүү кылдык. Андан кийин орто мектептердин педагогдук курамын «Мугалим 150» тарифине кошулган SIM-карталар менен камсыздап, алар MEGA24 тиркемесин, онлайн-билим программаларын, мессенжерлерди, ата мекендик билим берүүчү интернет-ресурстарын чектөөсүз колдонуусу үчүн “Окутуучу” бекер топтомуна кошулушту. Мугалимдер интернетти каалашынча колдонуп, түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары дагы бекер сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Дагы бир алгылыктуу нерсе, ушул эле мугалимдерге ыңгайлашкан тарифтер ушул жылдын күз айларында “Санариптик мектеп” долбоорунун алкагындагы “Электрондук күндөлүк” жана “Электрондук журнал” системаларында автоматтык түрдө иштеп баштайт.

Биздин компания Билим берүү жана илим министрлигине онлайн окутуу программаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүп, ушул күндөрү да иштеп жатабыз, биз өзүбүздүн видеоинженер адистерди бөлүп, биздин кеңседе видеосабактар тартылууда. Алар дароо монтаждалып, Mega24 тиркемесине жүктөлүүдө. Мындан тышкары Кыргызстандын мектеп окуучулары “Окуучу” бекер топтомуна кошулган соң Билим берүү жана илим министрлигинин ресурстары, аралыктан окутуу боюнча программалар бекер тартипте жеткиликтүү болду.

MegaCom компаниясы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн Mega24 тиркемеси аркылуу кыргыз жана орус тилдеринде даярдануу мүмкүнчүлүгүн түзүп койгон. Ал эми студенттер да көңүлдөн тыш калган жок. Алар үчүн «Mega-студент» интернет топтому кошулган.

Биз үчүн 24/7 режиминде үзгүлтүксүз иш алып барып, өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарга жардам көрсөтүп, ошол эле мезгилде абоненттердин баарына жеткиликтүү болгон бекер кызматтардын тизмегин кеңейтүүнүн артында коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуп жатканыбыз чоң сыймык. Коронавирустун Кыргызстанга жайылып кетүүсүнүн алдын алып иш алып барган жана ар бирибиздин ден соолугубуз үчүн күзөттө турган адамдарды колдоо биздин милдет деп билебиз.

 

– Өлкөдө социалдык-экономикалык абал, кырдаалга байланыштуу бир топ эле өз огунан тайды. Бул жаатта компания кандай иш-аракеттерди жүргүздү?

– Албетте, COVID-19 пандемиясынан улам миңдеген мекеме-ишканалардын экономикалык ишмердүүлүктөрү токтоду, мунун артында эл кыйналды. Башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткандарды да көз жаздымда калтырып койгон жокпуз. Биз ар бир абонентибизге кам көрүп, аларды түшүнүү менен байланыш үчүн акыларды төлөй албай жатышканын эске алып балансы 0гө жакындап калган абоненттерге түйүн ичинде күнүгө 10 мүнөттөн бекер сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түздүк. Мекендештерди өзүн жана жакындарын коргоого, көчөгө себепсиз чыкпоого чакыруу менен үйдө отурган ар бир күн үчүн абоненттердин бонустарын көбөйтүп бердик.

Апрелдин аягында калкты колдоо максатында MegaCom компаниясы Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы коронавирус менен эң көп жабыркаган, илдет көп катталган аймактардагы жардамга муктаж адамдар үчүн азык-түлүк, бекер сүйлөшүү жана интернет топтомуна кошулган SIM-карталарды таратып гуманитардык жардам уюштурду. Бул жардамдын алкагында 6 миңден ашык үй-бүлөнү азык-түлүк менен камсыз кыла алдык.

Орозо айынын башталышы менен биз бардык абоненттерибизге орозо айында интернет менен түнкүсүн бекер колдонуу мүмкүнчүлүгүн түздүк. Mega24 тиркемесине колдонууга ыңгайлуу орозо календарын жайгаштырдык. Кыргызстандыктар MegaPay тиркемеси аркылуу битир-садака төлөө уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Май майрамдары компаниянын абоненттеринин катарын толуктагысы келген бардык каалоочуларга бекер SIM-карта таратуу менен башталды. Салтка айлангандай эле, 9-Майды утурлай компания 234 согуштун ардагерлерин, ошондой эле Ленинград блокадасында концлагердин туткуну болгон кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Мекендештерибиз бул күнү MegaCom менен биргеликте Mega24 тиркемеси аркылуу “Өлбөс полк” онлайн жүрүшүнүн катышуучусу боло алышты. Өзгөчө кырдаал алынганына жана карантиндин шарттары жеңилдетилгенине карабастан MegaCom компаниясы мекендештерибизди колдоону уланта бермекчи. Биз бирге болсок, бардык кыйынчылыкты жеңе алабыз!