"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Маданият
Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу, СММ-менеджер: «Мээ иштеп турганда мээнет кылалы»
Элита плюс
Май 14, 2021 г.
Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу, СММ-менеджер:  «Мээ иштеп турганда мээнет кылалы»
© Элита плюс
Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу, СММ-менеджер:  «Мээ иштеп турганда мээнет кылалы»
© Элита плюс
Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу, СММ-менеджер:  «Мээ иштеп турганда мээнет кылалы»
© Элита плюс
Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу, СММ-менеджер:  «Мээ иштеп турганда мээнет кылалы»
© Элита плюс

Атактуу диджей Акыл Жеңишбек уулунун үнүн радиолордон угуп жүрүп тааныгандар аз эмес. Өзгөчө жагымдуу үнү, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн сөзү менен көпчүлүктүн эсинде жүргөн диджей, учурда СММ-менеджерлик кесипти аркалоо менен алек. Анда эмесе, Акыл мырзанын бул кесипке кантип келип, эмне кылып жүргөнү туурасындагы кызыктуу маекке назар салыңыз.

- Акыл мырза, сизди көпчүлүк эл диджей катары таанып, үнүңүздү радиодон угуп турчу. Азыр эмне менен алексиз?

- Артты бир кылчайып карасам, чындыгында эле 10 жылдай радио тармагында эмгектенип жүзүм менен эмес, үнүм менен көпчүлүктүн көңүлүндө калыптырмын. Бирок бул чөйрөдөн алыстаган жокмун. Азыр деле радио тармагынан сунуштар түшүп жатат. Бирок убактымдын тардыгына байланыштуу эфир алып чыгууга мүмкүнчүлүк болбой турат. Балким, келечекте Алла Таалам насип этсе, жок дегенде жумасына 2 сааттык жакшы программаны алып барып калам. Анткен менен эфирден үнүм чыкпаса дагы эфир сыртында ошол эле чыгармачыл чөйрө, ошол эле көпчүлүк эл менен иш алып баруу менен алекмин. Башкача айтканда, азыркы замандын популярдуу кесиптеринин бири СММ-менеджерлик кызматын аркалоодомун.

- СММ адистиги кандай кызматты аткарат, анын милдети эмне?

- СММ адистиги учурдун эң керектүү кесиби экенин көпчүлүк байкаса керек. Убакыт өткөн сайын алардын саны абдан көбөйүүдө. Бирок ошол эле учурда арасында өз ишин так, туура алып баргандар жок эмес. СММ адиси көшөгө артындагы кандайдыр бир бренддиби, же товардыбы, элге жеткизе билүү, эл менен ошол бренддин ортосундагы байланышка көпүрө болуп берүү кызматын аткарат.

- Акыркы учурда «Инстаграм аркылуу көп суммадагы акча тапса болот» деген билдирүүлөр арбын. Бул нерсеге ишенсе болобу?

- Инстаграм аркылуу жарнама же бир башка кардарлар аркылуу көп суммадагы акчаны тапкандар таап эле жатышат. Бул чындык. Болгону ал үчүн Инстаграмдагы баракчаңыз жандуу болушу шарт. Мисалы, сторис, лентаңызды тез-тезден жандандырып, катталуучуларыңыздын санын көбөйтүп, алар менен жакын мамиледе болуп, кандайдыр бир маалыматты туура, так жеткире билүүңүз керек.  Ал эми бул шарттарды аткарбай туруп жөн эле баракчаңызга кирип-чыгып акча табуу мүмкүн эмес.

- СММ адиси болуш үчүн адам кандай жөндөмдүүлүккө ээ болушу шарт?

- Өзүңүздөр билгендей, 21-кылым - өнүккөн технологиялар доору. Бардык тараптан маалымат алып, эл эмне кылып жатса, сен дагы ошол нерсени аркалашың керек. Мээ иштеп турганда мээнет кылып, бир нече ишти бирге алып кетүү жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатсак, телефонду кучактап отуруп деле өзүбүзгө көп пайда тапсак болот экен. Мен өзүм акыркы 2 жылда бул тармакка аралашып, анын ичинде 1 жылдан бери тыгыз иш алып баруудамын. Эгер каалоочулар болсо, азыр атайын СММ адистигин окуткан атайын курстар бар, ошол жактан билим алып, анан андан ары ишин улантса болот.

- ГИВ ойнотуунун оорчулугу канчалык?

- Медалдын эки бети бар сыяктуу эле бардык эле иштин оорчулугу, оош-кыйышы болот. ГИВ ойнотуунун оорчулугу өтө көп. Чоң жоопкерчиликти талап кылат. Себеби 100-150дөн ашык демөөрчүлөр менен миңдеген адамдардын ишеничин актап маалыматты туура, так, өз учурунда жеткирип, нааразылык жаратпоого аракет кылыш керек. Алгач оюндун жүрүшү, анын концепциясы, эсеп, отчёт, видео тартуу, монтаждоо ж.б.у.с. көшөгө артында көптөгөн оор түйшүк бар. Балким, СММ адисине бул нерсеге көнүп калган учурда жеңил сезилиши мүмкүн, анткен менен көп убакытты, түйшүктү талап кылат.

- Сиз кайсы атактуулар менен иштешесиз? Алардын арасынан кайсы ГИВ оюнду реккорддук деңгээлде ойното алдым деп ойлойсуз?

- Эсимде, алгачкы жолу ГИВ уюштурганда 5 ырчы менен иштешкем. Гүлнур Сатылганова, Неля Нуркулова, Айзада Жамгырчиева, Чолпон Талипбек, Сайкал Садыбакасовалар менен бирге BMW Х5 машинасын, андан сырткары техникалык жабдыктарды, уюлдук телефон, акчалай байгелерди ойнотуп, реккорддук чекке жетип, аз убакыттын ичинде 70 миңдей адам чогултканбыз. Ошондо баш байгени Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургуну жеңип алып абдан кубанган. Андан кийинки уюштурган ГИВтердин деле жүрүшү жаман эмес. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бардыгы менен иштешем. Менде тиги же бул деп бөлүп кароо жок. Бардыгы менен сый, урматтамын.

- «СММ адистигин сизден үйрөнгүм келет» деген каалоочулар болсо, өз тажрыйбаңыз менен бөлүшө аласызбы?

- Албетте, өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө ар дайым даярмын. Аталган адистикти үйрөнүүнүн эч кандай деле оорчулугу сыры жок. Болгону 99 пайыз каалоо, күч, аракет болсо, бардык нерсени өз учурунда ишке ашырып алууга мүмкүнчүлүк бар. Эч качан замандан артта калбай ар дайым изденип, кыялданып, максат коюп, алдыга кадам таштаганыбыз оң.

- Көп жылдан бери маданият тармагына аралашып кызмат кылып жүрөсүз. Кесибиңизди алмаштыруу оюңузда жокпу?

- Бул тууралуу көп адамдар дагы сурап калат. Өзүм да бир нече ирет ойлонуп көргөм. Бирок азыр эмес. Негизи эле мен кесип алмаштыруудан эч качан коркпойм. Эгер ошол нерсеге көзүм жетип, өзүмө ишенсем, ал нерседен баш тартпайм.

- Жумуштан чарчаганда кантип эс алып, эмнеден эргүү аласыз?

- Жумуштан чарчаганда тынчтыкты гана самап калам. Тоо койнунда, шар аккан суунун боюнда жүргөндү жан дүйнөм жакшы көрөт. Ал эми эргүүнү көп нерседен алса болот. Мисалы, чайыттай ачык күн нурунан, сүйүктүүңдүн жагымдуу сөздөрүнөн, ата-энеңдин сага берген дем-күч, мотивациясынан ж.б. Жакындарым айтмакчы, мен чарчаганда аз сүйлөп, көп ойлонуп калат экем. Ошондой учур келгенде эле эс алууга даярданып, энергия топтоого аракет кылып калам.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА