Эл өкүлү
Акыл Кемелов: “Көмүрдүн баасын монополияга каршы кызматы көзөмөлдөшү керек”
Элита плюс
Октябрь 07, 2021 г.
Акыл Кемелов: “Көмүрдүн баасын монополияга каршы кызматы көзөмөлдөшү керек”
© Элита плюс

7-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак депутат Акыл Кемелов көмүрдүн күндөн-күнгө кымбаттап бара жатканына токтолуп: “Монополияга каршы кызмат көзөмөлдү күчөтүшү керек”, – деди.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев спорт жаатында ийгиликтер арбын болуп жатканын белгилеп: “Спортчуларыбызга рахмат айтышыбыз керек. Бирок мамлекет тарабынан колдоону дагы күчөтүп, машыгуу жайларын куруу зарыл”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар депутат Чыңгыз Макешов сүттүн баасы азыркы тапта 25-26 сомдон сатылып жатканын жүйө келтирип: “Ортомчулар 6-7 сом кошот экен. Бирок чөп кымбат. Чыгым акталбай жатат. Андыктан ортомчуларды жоюу учур талабы. Ал үчүн кооперативдерди уюштуруп, фермерлер менен сүт иштетүүчүлөр ортосунда түз келишимдерди түзүү шарт”, – деди.