Коом
Акыйкатчы Токон Мамытов саясий партияларга кайрылды
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Акыйкатчы Токон Мамытов саясий партияларга кайрылды
© Элита плюс

Акыйкатчы Токон Мамытов саясий партияларга кайрылуу менен чыкты. «Чечим кабыл алып жатканда оюңарда, сезим, эмоцияларыңарда Кыргызстандын коопсуздугу жана келечеги биринчи орунда туруп, иш-аракетиңер менен акыйкатчылыкка жетүүнү максат кылгыла», — дейт Токон Мамытов. Анын айтымында, Баш мыйзам жана конституциялык укуктарды сактамайынча укуктук жана тынччылык нугуна кайтып келүү мүмкүн эмес, Кыргызстандын коопсуздугун жана эгемендүүлүгүн сактоо мүмкүн эмес. «Акыйкатчылык үчүн күрөшүп жатып өлкөбүздүн коопсуздугу жана баалуулуктарын сактоо жөнүндө унутпагыла. Терс эмоцияларга алдырбагыла, антпесе, кыргызстандыктар үчүн анын кесепети оор болуп калышы ыктымал. Кыргызстандын башынан өткөн эки ыңкылаптан кийин өлкөбүздүн экономикасы оор жоготууларга дуушар болду, Кыргызстандыктардын жашоосу ал ыңкылаптардан кийин жакшырып кеткен жок. «Үчүнчү ыңкылап биринчи экөөнүн каталарын кайталабасын. 4-октябрдагы шайлоо таза өткөн жок. Силер элдин мүдөөсүн бийликке жеткиздиңер. Саясий партиялар укук талаасына кайтып келип, мындан ары тынчтык, мыйзам жолу менен кетүүсүнө чакырам. Өз мүдөөңөрдү гана аткарбастан, элдин үнүн да уккула",- деп кайрылды Токон Мамытов.