Актёр Бакыт Осмонканов уулдуу болду
Элита плюс
Декабрь 13, 2020 г.
Актёр Бакыт Осмонканов уулдуу болду
© Элита плюс

Актёр, режиссёр Бакыт Осмонкановдун үйүндө толуктоо болуп, ал үчүнчү ирет ата макамын алды. Актёрдун жубайы бүгүн, 13-декабрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.

"Пандемия шартында төрөтканага ашык адамдарды киргизбей жатканына байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Эне-баланын абалы жакшы. Уулубуз 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, бою 52 сантиметр болду.

Азырынча балабызга ысым тандап жатабыз", - дейт ал.

Бакыт Осмонканов 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдыз айымга баш кошкон. Түгөйлөр буга чейин бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.