Аймактар
Аксыдагы Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды
Элита плюс
Март 30, 2023 г.
Аксыдагы Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды
© Элита плюс

Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына суу бургулоочу техника алынды.

Атайын бургулоо иштерине алынган техниканын наркы 22 млн сомду түзүп, аны сатып алууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 15,4 млн сом жана Аксы райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми калган 5 млн сом республикалык бюджеттин эсебинен берилген. Жергиликтүү бюджеттен болсо 600 миң сом каралган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, техниканы тапшыруу иш-чарасы 29-мартта өтүп, ага төрага Нурланбек Шакиев катышып, жергиликтүүлөргө ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берген.