Аймактар
Аксыда логистикалык борбор курулду
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Аксыда логистикалык борбор курулду
© Элита плюс

Кара өрүктүн мекени болгон Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында чакан заманбап логистикалык борбор курулуп ишке кирүүнүн алдында турат. Бул айыл бийлиги "Аксы-био” айыл чарба кооперативи менен биргеликте кичи логистикалык борбор куруу долбоорун даярдап, Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган. Жыйынтыгында атайын каражат бөлүнүп, жалпы 7 миллион сомдон ашык каражатка мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жана сактоочу жай салынды. Жерге-Тал айылынын өзүндө эле жылына 500 тоннага жеткен кайналы кургатылып сатыкка чыгат. Жергиликтүү бийлик эл аралык талапка жооп бере ала турган сапаттуу продукция өндүрүп, чет өлкөлөргө экспортко чыгууга даярдык көрүүдө. Кайналы жергиликтүү элдин негизги киреше булагы болуп эсептелет.