Аймактар
Аксы РЭСинин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Элита плюс
Март 27, 2023 г.
Аксы РЭСинин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
© Элита плюс
Аксы РЭСинин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
© Элита плюс
Аксы РЭСинин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
© Элита плюс

Жалал-Абаддын Аксы районунун РЭСтин текшерүүчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир текшерүүчүсү 26 жаштагы Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районунун тургуну А.Э.Анын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (“Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу”) кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 25-мартта Т.А.А. 18 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары уланып жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.