Дүйнөдө
АКШнын президенти полицияны реформалоо жарлыгына кол койду
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
АКШнын президенти полицияны реформалоо жарлыгына кол койду
© Элита плюс

АКШнын президенти Дональд Трамп полициядагы зордук-зомбулукка жана расизмге каршы ири нааразычылык акцияларынан кийин полицияны реформалоо боюнча жарлыкка кол койду. Эми полиция кылмышка шектелген адамды колго түшүрүү убагында кыймылсыз кылуу үчүн дем алуу мүмкүнчүлүгүн чектеген күч колдонуу ыкмасын пайдаланбайт. Бул ыкма полиция кызматкеринин өмүрүнө коркунуч туулганда гана колдонулат. Ошондой эле Дональд Трамп полиция тарабынан жасалган укук бузуулар, анын ичинде ашыкча күч колдонуу тууралуу маалыматтарды камтыган улуттук базаны түзүүнү буюрду. Мындан тышкары, полиция кызматкерлерине чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү керектигин үйрөтүү үчүн гранттарды берүүнү тапшырды. Миннеаполисте 46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу уланууда. Ал полиция тарабынан кармалгандан кийин көз жумган. Анын өлүмүнө полиция кызматкери Флойддун мойнун тизеси менен басып турган ыкма себеп болгон деп аныкталган.