Дүйнөдө
АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчисинен коронавирус аныкталды
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчисинен коронавирус аныкталды
© Элита плюс

АКШ президентинин кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталгандыктан, Трамп өзү да коронавируска анализ тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 
Трамптын айтымында, анын кеңешчиси дайыма бет кап тагынып жүрчү. Хикстин анализин угаары менен президент жубайы экөө коронавируска тест тапшырышкан. Билдирмеге ылайык, анализдин жыйынтыгы чыккычакты АКШ президенти карантинде болмокчу.
"Хоуп Хикс менен кичине да тыным албай иштейбиз. Ал коронавируска тест тапшырса жыйынтыгы оң болуп чыкты. Хикс дайыма бет кап тагынып жүрчү. Азыр жубайым экөөбүз да коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз", — деди Трамп.