Дүйнөдө
АКШда ысык аба ырайынан улам өрт күч алды
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
АКШда ысык аба ырайынан улам өрт күч алды
© Элита плюс
АКШда ысык аба ырайынан улам өрт күч алды
© Элита плюс
АКШда ысык аба ырайынан улам өрт күч алды
© Элита плюс
АКШнын Орегон, Калифорния жана Вашингтон штаттары кеминде 96 ири табигый өрттүн астында калды. Алардын жалпы аянты 1,4 миллион гектарга жакын. Алсак, Орегондо өрттөн улам асман кызарып кетти. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүп жатышат. Алардын айтымында, ушул кезге чейин штатта мындай көлөмдөгү жаратылыш кырсыгы болгон эмес. Он миңдеген адамдар коопсуз жайга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Өрттүн кесепети көптөгөн жоготууларга алып келиши мүмкүн экени айтылууда. Өрт аномалдуу ысык аба ырайынан улам келип чыккан. Ысык, кургак аба ырайы жана катуу шамал алардын жайылышына себеп болууда. АКШнын Орегон, Калифорния жана Вашингтон штаттары кеминде 96 ири табигый өрттүн астында калды. Алардын жалпы аянты 1,4 миллион гектарга жакын. Алсак, Орегондо өрттөн улам асман кызарып кетти. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүп жатышат. Алардын айтымында, ушул кезге чейин штатта мындай көлөмдөгү жаратылыш кырсыгы болгон эмес. Он миңдеген адамдар коопсуз жайга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Өрттүн кесепети көптөгөн жоготууларга алып келиши мүмкүн экени айтылууда. Өрт аномалдуу ысык аба ырайынан улам келип чыккан. Ысык, кургак аба ырайы жана катуу шамал алардын жайылышына себеп болууда. Калифорнияда өрт астында калган аймак 930 миң гектардан ашты. Бул — мамлекеттин тарыхындагы эң ири көрсөткүч. Буга чейинки антирекорд 2018-жылы белгиленип, анда 793 миң гектардан ашык аянт өрттөнүп кеткен. Штаттагы өрттөрдүн кесепетинен миңдеген үйлөр жана имараттар кыйрап, 11 адам каза болду.