Дүйнөдө
АКШда вируска каршы вакцина сыноосу токтоду
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
АКШда вируска каршы вакцина сыноосу токтоду
© Элита плюс

АКШнын «Johnson & Johnson» компаниясы коронавируска каршы вакцинасын текшерүүнү токтотууга аргасыз болгонун билдирди. Буга сыноого катышкан ыктыярчылардын бирине белгисиз оору диагнозу коюлгандыгы себеп болгон.

«Биз тесттин катышуучусунан белгисиз оору аныкталгандан кийин, III этаптагы тестирлөөнү кошкондо, бардык изилдөөлөрдүн алкагында вакцинаны таратууну убактылуу токтоттук», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниянын маалыматы боюнча, катышуучунун абалы изилдөө предметтеринин коопсуздугу жана маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча көз карандысыз комиссия, ошондой эле бир катар медициналык эксперттер тарабынан изилденүүдө.

25-сентябрда «medRxiv» сайтынын маалыматына ылайык, компания тарабынан иштелип чыккан вакцина клиникалык сыноолордун I жана II фазаларынын катышуучуларына коронавируска каршы туруктуу иммундук жоопту иштеп чыккан.

23-сентябрда «Johnson & Johnson» клиникалык сыноолордун III этабын баштаган. Изилдөөгө 3 континенттин 8 мамлекетинен 60 миң адам катышкан