Дүйнөдө
АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канын куюу менен дарылашат
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канын куюу менен дарылашат
© Элита плюс

АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канын куюу менен дарылашат. Уруксатты АКШнын тамак-аш жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы бергенин чет элдик маалымат булактары жазды. Билдирмеге ылайык, дарылоонун мындай ыкмасы вирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа бериши мүмкүн экендиги илимий макалаларда жазылган. АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министри Алекс Азар айыккандардын плазмасын пайдаланууга уруксат берүү маанилүү чечим болгонун белгилеген. Дарылоонун мындай түрү 70 миң америкалык тургунга колдонулуп тажрыйбадан өткөнү айтылды. АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 700 миңден ашып, оору 176 миң 800 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.