Дүйнөдө
АКШда илдет жуктургандардын саны азая баштады
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
АКШда илдет жуктургандардын саны азая баштады
© Элита плюс

Америкада акыркы күндөрү коронавирус боюнча абал турукташты. Бул тууралуу ВВС жазды.

Ушул жылдын июль айында АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча антирекорддук көрсөткүч катталган. Бүгүнкү күндө АКШда вирус жуктургандардын саны 5 млн 410 миң 228ге жетти. Алардын ичинен каза болгондордун саны 170,4 миң кишиден ашат.

Президент Дональд Трамп абал начарлап кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Вашингтон университетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын декабрь айына чейин АКШда вирустун кесепетинен каза болгондор 295 миң адамдан ашышы мүмкүн. Бирок эгер жарандардын 95 пайызы беткап тагынса, анда бул сан 230 миңге чейин кыскарышы мүмкүн экени белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус белгилегендей, вирус 188 өлкөдө катталган. Бейтаптардын көбү Америка, Бразилия жана Индияда.