Дүйнөдө
АКШда эпидемиологиялык кырдаал азыр жаңы, абдан олуттуу жана кооптуу фазага өттү.
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
АКШда эпидемиологиялык кырдаал азыр жаңы, абдан олуттуу жана кооптуу фазага өттү.
© Элита плюс

АКШда эпидемиологиялык кырдаал азыр жаңы, абдан олуттуу жана кооптуу фазага өттү. Вирус март-апрель айларына салыштырмалуу тездик менен жайылууда. Эпидемия мурда борбордук ири шаарларды алсыратса, эми чет жактагы аймактарды кучагына алып, айыл жергесинде жашаган жарандарга олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу СNN каналына интервью берип жатып Ак үйдүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча координатору, доктор Дебора Биркс айтты. Ал саламаттыкты сактоо органдарынын бет кап тагынуу, социалдык аралыкты кармануу сыяктуу көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткаруу азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү экендигин баса белгиледи. “Чоң жана кичи шаарлардан алыс жайгашкан айылдардын бардык тургундарына айткым келет: азырынча сиздерде коронавируска каршы иммунитет жок. Эгерде туугандар, бир нече муундун өкүлдөрү менен жакын жашасаңыздар, ал аймакта вирусту жугузуу учурлары көбөйсө, анда жадагалса үйдө да бет кап кийип жүрүүгө туура келет” деди доктор Дебора Биркс. Акыркы учурда АКШнын 20 штатында илдетти жугузуу көрсөткүчү кескин жогорулаган. Буга чейин тамак-аш жана дары-дармектерди санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Скотт Готлиб да СNBC каналына берген интервьюсунда, "Эгер АКШлыктар кырдаалга болгон мамилесин өзгөртпөй турган болсо, жыл аягына чейин өлүм менен аяктаган учурлар 300 миңди чапчышы мүмкүн" - деп эскерткен.