Дүйнөдө
АКШ Рамзан Кадыровдун фондуна жана анын жакындарына санкция киргизди
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
АКШ Рамзан Кадыровдун фондуна жана анын жакындарына санкция киргизди
© Элита плюс

АКШ бийлиги Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун демилгеси менен түзүлгөн Ахмат Кадыров атындагы фондго жана Кадыровго тиешеси бар ишкана, мекемелерге, айланасында жүргөн адамдарга санкция киргизди. АКШ мунун негизги себеби катары адам укуктарынын бузулушу деп түшүндүргөн. Санкцияга киргизилген адамдардын жана фирмалардын тизмеси АКШнын Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Чеченстандын башчысынын Магнитский тизмесине кирген жакындары - спортчу Тимур Дугазаев, Кадыровдун Европадагы өкүлү, Кадыровдун күч блогундагы жардамчысы Даниил Мартынов, Чеченстандын Орусия президентинин алдындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зияд Сабсаби жана Чеченстан Патрулдук кызматынын командири жана Кадыровдун катчылыгынын башчысы Вахит Усмаев. Бул тизмеде Кадыровдун аргымактарын таптаган саяпкер Симар Сатиш дагы бар.

АКШнын "кара тизмесине" Ахмат Кадыров фонду, "Ахмат" футболдук клубу жана ушул эле аталыштагы аралаш мушташ клубу, Ахмат Абсолюттук Чемпиондугу,Чечен минералдык суулары жана "Мегастройинвест" промоутердик компаниялары кирет.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров АКШнын бул кадамын "акылсыздык" деп атады. Бул туурасында пикирин ал өзүнүн Telegram каналына жазды.

"Достор, Америка балдар, аялдар, спорт, спортчулар, кайрымдуулук фонддор жана жылкы менен күрөшүүнү баштады. Алардын бул кылганын тек гана "акылсыздык" деп атоого болот. Мындай акылга сыйбаган көрүнүш буга чейин адамзат тарыхында болгон эмес. Дүйнөдөгү №1 террорчу Усама бен Ладенди планетада билбеген адам жок болсо керек. Анын үй-бүлө мүчөлөрү Америкада жашаган, ал эми бир тууган ага-инилери өздөрүнүн бизнестерин жер шаарынын каалаган жеринде жүргүзгөн. Буга карабай, алардын эч кимин АКШ Магнитский тизмесине кошуп, санкция киргизген эмес", - деп жазган ал.

Ошондой эле Кадыров Американын бул жасаганын эки жүздүүлүк деп эсептеп, бул санкциялардын "Республикага жана анын өнүгүүсүнө эч кандай таасири жок" деп кошумчалады.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, Рамзан Кадыров АКШнын "кара тизмесине" 2017-жылы эле кирген. Бирок кийинчерек АКШ "Магнитскийдин глобалдык акты" тизмесин иштеп чыгып, Кадыровду бул тизмеге дагы кошкон.