Дүйнөдө
АКШ: Насыя төлөй албагандар үйсүз калды
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
АКШ: Насыя төлөй албагандар үйсүз калды
© Элита плюс

АКШда эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Лос-Анжелестин көчөлөрүндө, ипотека же насыяларын төлөй албай, турак жайынан ажырагандардын саны кескин өсүүдө.  Коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттери АКШнын ири шаарларынын бири Лос-Анджелестин тургундарына да терс таасирин тийгизип жатат. Турак үйлөрдүн жанына тигилген чатырларда үй жайсыз калган адамдардын саны өсүүдө. Пандемияда жумушсуз калгандыктан Скотт Кэмпбелл минтип убактылуу сыртта баш калкалап жатканын айтат. Ал ижара акысы төлөнбөй калган дагы бир топ адам үйсүз калаарын айтты.  Ушул тапта Лос-Анджелестин көптөгөн жашоочулары көчүп кетишсе, айрымдары ата-энелери менен чогуужашаганга аргасыз болууда.  Расмий маалыматтарга ылайык, АКШда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 708 миң 458 кишиге жетти. Өлкө боюнча жалпысынан 198 миң 520 бейтап каза болду.