Дүйнөдө
АКШ бийлиги Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жок кылды
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
АКШ бийлиги Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жок кылды
© Элита плюс

АКШ бийлиги Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу "Авента-М" деген аталыштагы 45 аппаратын жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, "Авента-М" аппараттары бир нече себептерден улам жок кылынган. Анын себептеринин бири жасалма дем алдыруучу аппараттар ооруканада өрттүн чыгуусуна себеп болорун айтышкан. Ага кошумчалай орусиялык аппараттар эч качан колдонулбагандыгы жана дайыма кампада тургандыгын белгилешкен.

Жабдыктарды өндүрүүчү "Радиоэлектрондук технологиялар" концерн-компаниясы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарга ишенбей турганын билдирген.

Орусиялык өндүрүүчүлөр буга чейин 1 миң 300дөн ашуун аппараттарды түздөн-түз келишимдердин негизинде чет өлкөлүктөргө жиберишкен. Бул аппараттардын колдонуучуларынын катарында Сербия, Италия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү, Беларусь жана башка өлкөлөр бар.