Дүйнөдө
АКШ бийлиги Facebook компаниясын сотко берди
Элита плюс
Декабрь 10, 2020 г.
АКШ бийлиги Facebook компаниясын сотко берди
© Элита плюс

АКШнын штаттары жана Федералдык соода комиссиясы монополияга каршы мыйзамды бузду деген жүйөө менен Facebook компаниясын сотко беришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенжери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп айыпталууда.

"Facebook он жылдай убакыттан бери рынокто ири компания болгон үчүн майда атаандаштарына басым жасап, монополист болуп келе жатат. Атаандаш болчу компаниялар чыкса эле аларды ири суммадагы акчага сатып алып коёт", - деп билдирген Нью-Йорктун башкы прокурору Летиция Жеймс.

Соода комиссиясы тараткан маалыматта доо арызда компания "Instagram менен WhatsApp социалдык тармактарын сатышы керек" деген талап жазылганы айтылган.

Ал эми Facebook компаниясы өздөрүнө каршы жазылган доо арызды талдап жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Facebook компаниясы WhatsApp мессенжерин 2014-жылы, Instagram сервисин 2012-жылы сатып алган.