Ийгилик сыры
“Ак шумкарлар” Мьянманын командасы менен 1 :1 эсебинде тең чыкты
Элита плюс
Март 27, 2023 г.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Оюн 1:1 эсебинде аяктады. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Кайрат Жыргалбек уулу “Ак шумкарлар” үчүн чечүүчү голду киргизди.
Алдыда Кыргызстандын курамасы Индиянын командасы менен оюн талаасына чыгат.
Эскерте кетсек, Tri-Nation International Football Tournament турниринин алкагында Индиянын Калькутта шаарында Кыргызстандын курамасы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.