Коом
Ак үйдүн тосмолорун уурдап, сатып жиберген жаранга издөө жарыяланды
Элита плюс
Ноябрь 18, 2020 г.
Ак үйдүн тосмолорун уурдап, сатып жиберген жаранга издөө жарыяланды
© Элита плюс

Биринчи май райондук сотунун тергөө кызматы Ак үйдүн тосмолорун уурдап, аларды саткан жаранды издөөдө. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки кылмыш иши "Уурулук" беренеси менен козголгон. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарга Ак үйдүн темир тосмолору сатылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми тосмо 6-ноябрда алынган.