Коом
Ак үйдү калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом талап кылынат
Элита плюс
Октябрь 23, 2020 г.
Ак үйдү калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом талап кылынат
© Элита плюс
6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктан кийин Ак үйдү калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом талап кылынат.  

22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров АК Үйдү эртерээк оңдоп баштоо керек экенинин билдирди. Айтымында, имаратты оңдоого 450 миллион сом сарпталышы мүмкүн.

“Азыркы учурда БШКнын иши токтоп калды. Жогорку Кеңештин ишин жана парламенттин имаратын калыбына келтирүү талап кылынып жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Ак Үйдү калыбына келтирүүгө болжол менен 450 миллион сом керектелиши мүмкүн”, - деди Жапаров.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган.